Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кайсы куракта төрөгөн ыңгайлуу, билесизби?

Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Аткан таң ар бир үйгө ырыскы алып кирсин!

Ата-энелерибиз 10-12 бир тууган болуп, чогулганда бир үйгө батпай калганын көрүп эле жүрөбүз. Бирок азыр андай үй-бүлөлөрдү чанда гана кездештиребиз. Менин жеке пикиримде ден соолук мүмкүнчүлүк берсе, көп балалуу болгон эле жакшы го. Тамырың кенен жайылып, урпактарың эле бир айыл болуп калса эмнеси жаман. Мен дагы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктоону ниет кылып жүрөм (тилегиме каршы чыкпай турган жар туш келсе экен). Ар бир баланын өз ырыскысы болот дейт эмеспи. "Тишиң барда таш чайна тишиң жокто аш кайда" дегендей алдан-күчтөн тая электе балалуу болуп, эрезеге жеткирип алыңыздар дээр элем. Ошол эле учурда саламаттыгыңызга кам көрүүнү унутпаңыз. Дарыгерлер өтө кеч же өтө эрте төрөт эне-баланын ден соолугуна кедергисин тийгизип калышы мүмкүн дейт. Аялдардын турмушка чыгып, балалуу болууга эң ыңгайлуу курагы 20 жаштан 40ка чейинки учур экен. Аял кишинин дене түзүлүшү төрөткө 20 жаштан соң даяр болуп, толук жетилет. Андыктан, кыздар турмушка чыгууну ушул курактан кийин ойлонсоңор баарына жетишет экенсиңер.

Балдары менен үйдөн чыга албаган жаш үй-бүлөлөргө же колу бошобой жаткандарга диванда чалкалап жатып эле борбордук аянт кантип кооздолгонун көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. 

Баса, эң башкы максат 10 баланы жарыкка алып келүү эле эмес, ар бирине туура жана татыктуу тарбия берүүнү эстен чыгарбаңыз. Антпесеңиз бири үйүңүздөгү итти атып өлтүргөнүн видеого тартып коомчулукка жарыяласа, дагы бири унаасын карама-каршы тилке менен айдап, астынан чыккандарды муштум салып сиздин кадыр-баркыңызга доо кетириши мүмкүн.

Эми саясат айдыңына келсек, кызматтан кызматка которулган Толкунбек Абдыгулов айланып келип казыгын таап Улуттук банкты жетектемей болду. Ал эми кайсы кызматка барбасын чуулуу окуяларга аралашып кала берчү Дүйшөнбек Зилалиев акыры креслодон кол шилтеп кетти. Ал арада камалып кеткен Өмүрбек Текебаевдин ордуна Искандер Гайпкулов келип отурду.

Россиянын президенти Владимир Путин мындан эки жыл мурун кыргызстандык Дарья Яицкаяга берген ити кантип чоңоюп жатканын кесиптештерибиз күчүк ээсинин үйүнө барып көрүп келишти.

Жума күнүнө карата аба ырайы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.32 (сатып алуу) жана 69.57 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Балалуу үй базар, баласыз үй мазар!

Айымдардын баатыр эне болушун тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0