Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. НТС каналынын тагдыры эми эмне болот

Жазылуу
Кутман таң! Агарып аткан таңыбыз ар бирибизге жылуу нурун гана тартууласын.

Бүгүн бар эртең жокпуз. Кечээ эле шартылдап күлүп, ырдап-чордоп жүргөн адамдарды бүгүн арабыздан көрбөй калып жатабыз. Узап бара жаткан 2017-жыл адам өмүрү боюнча саресеп сала келгенде катаал болду. Элге аты таанылып, эмгеги сиңип калгандардын бир тобу бул дүйнө менен кош айтышты. Алардын көбү кырктын кырындагы эле ага-эжелер экен. 

НТСке эмне болуп кетти? Кечээ 19-декабрь НТС телеканалынын имаратына болжол менен кечки саат 17:00дөр чамасында сот аткаруучулар милиционерлердин коштоосунда келип, имаратты жапканга аракеттерди көргөн. Имараттын ичиндеги окуяны каналдын журналисттери видеого тартып алган.

Телеканалдын кызматкерлеринин айтымында сот аткаруучулар "мекеменин мүлкүн камакка алып, имаратты жаап кетебиз, ишиңерди токтоткула" деген. Ал ортодо буга чейин кайда экени билинбей жаткан Өмүрбек Бабанов социалдык тармак аркылуу үн катты.

Нааразы болгон нарындыктар. Кечээ Нарын шаарында 20га чукул аял митингге чыгып ачкачылык жарыялашкан. Тоолуу аймактын энелери мындай кадамга барышына эмне себеп болгонун кабарчылар териштирип көрдү.

Кечээ социалдык тармактарда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин кылыгы катуу талкууга алынды. "Бийликтин өкүлү эмне кылып жибериптир" деп кызыгып жатсаңыз жаңылыкка көз чаптырыңыз. 

Чекесинен чертилгендер. Кечээ Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго сот өкүм чыгарып, ага 5 миллион сом айып салынды.

Бүгүн түнү болсо борбор калаанын Октябрь райондук соту —депутат Карганбек Самаковду катаал тартипте 10 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарды. Чекесинен тазалап, камап, соттоп эле жатышат…

Жакшы жаңылык менен жыйынтыктайын. Жакында эле Казакстандын Алматы шаарында өткөн Silk Way Star (Жибек жолунун жылдыздары) эл аралык сынагында өлкөнүн желегин көктө желбиретип келген ырчы Омар Жанышов Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду. Ырчынын маегин бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.33(сатып алуу) жана 69.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бирибиздин үйүбүздө тынчтык болсун!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0