Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Көз ирмемде 4 бала ата-энесинен ажырап калды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУнаа жолу. Архив
Унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, замандаш! Эс алуу күнүңүздөр кандай өттү?

Интернеттин тамыры жайылган сайын мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Мунун жардамы менен уйкудан ойгонуп эле эл оозундагы жылдыз болуп калышыңыз толук мүмкүн. Кээде буга көп деле эмгек талап кылынбайт, болгону соцтармактын талылуу жерин кармап алганыңыз жетиштүү. Тоок жылында бир топ адамдардыен жылдызы жанды. Кызыгы, арасында чуулгандуу окуясы менен элге таанылып алгандар бар. Тоок жылында соцтармактты дүң кылган 10 окуяны тизмектедик. Андан милициянын кашын жара тепкен кыздан албарсты менен алышкан бийкечтерге чейин көрө аласыз. Атың чыкпаса жер өрттө!

Ал эми ырчы Омар жогорудагы каармандарга окшоп уйкудан туруп эле жылдыз болуп калган жок. Ал эл аралык сынакта үч ай тер төгүп,  12 айлампага катышып тогуз мамлекеттин ичинен баш байгени багындырды. Финалда төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык "Булбулум" аттуу чыгарманы аткарып чыккан.

Жеңиштер бул менен эле чектелген жок. "Алгыр" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу Украинада WWFC спорттук уюмунун турниринде жеңишти камсыздады.

"Эч ким тийишпей, көңүлүбүз тынч эле жүрөбүз" деген сөздөрдү Бишкекке келген памирлик кыргыздар айтышты. Боордоштор ишемби күнү тунгуч ирет борбор калааны кыдырып, жаңы жылдык балатыны өмүрүндө биринчи ирет көрүштү.

Баса, узундугу 25 метрге жеткен өлкөнүн башкы балатысынын оту кантип жанды бул жактан көрүңүз. Эгер "Ала-Тоо" аянты кантип кооздолгонуна кызыгып жатсаңыз,  бул жакка баш багыңыз.

Учурда 100 жылдыгы белгиленип жаткан көркөм сөз чебери Мидин Алыбаевдин адамдык жана жазуучулук өзгөчөлүктөрү тууралуу 12 факты. Жазуучу көп аял алган. Анын экинчи аялы атактуу акушер болгон. Айтмакчы, Мидиндин экинчи аялы акушер катары акындын үчүнчү аялы Жыпаризанын төрөтүн кабыл алган…

Кайненем чачымдан сүйрөп… Кайын журту менен бирге жашаган 22 жаштагы келиндин арыз-муңу жазылган кат.

"Маңдайымда кырк жаштагы, келишимдүү эле көрүнгөн киши отурат. Колдору кишенделген, ал эми күрмөсүнө "ПЛС" деген белги бастырылган — бул анын түрмөдөн эч качан чыкпастыгын түшүндүрөт" деп сүрөттөйт №19 Түзөтүүчү колониясына барган кесиптешим. Ал жактан өмүр бою эркинен ажыратылгандардын тиричилиги менен таанышып келген.

Ишембинин кечинде Бишкек — Ош жолунда үрөй учурган унаа кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жети адам набыт болуп, үчөө азыр оор абалда. Андан милициянын майору эки баласы жана аялы менен каза тапты. Милиционердин алты баласы болсо, кандуу кырсык бир үй-бүлөнүн канатын кайрып, төрт баланы жетим калтырды.

Бүгүн өлкөнүн айрым жерлерине туман түшүшү күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.67 (сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Жакшылыктар жакшылыкка улансын!

Жумуш күнүңүздөр майрамдагыдай көңүлдүү өтүшүн каалап, Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0