00:42 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Премьердин үй-бүлөсү, турмушка чыккан Есентаева

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
198 0 0

Кутман таң! Жакшы сөз жан эргитет демекчи бири-бирибизден жагымдуу сөзүбүздү аябайлы!

Майрам кут болсун! Бүгүн, 8-декабрь Кыргызстандагы бардык теле тармагында иштегендердин кесиптик майрамы. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы телевидение чөйрөсүндө иштеген журналист, оператор, режиссерлорду майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап кетели!

Ар бир кесип ардактуу. Кечээ "Кабар" маалымат агенттиги 80 жылдык мааракесин белгилеп, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да куттук сөзүн айтты.

Премьер-министр Сапар Исаков болсо, 100 күнүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп журналисттердин бир топ кызыктуу суроолоруна жооп берди. Анда Исаков үй-бүлөсү, кыздары тууралуу айтып берип, көп аялдуулукка каршы экенин билдирди.

Сүйүнчү! Кыргыздардын көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилсе, ТҮРКСОЙ 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялап жагымдуу жаңылык тартуулады.

Кыргыздын сыймыктуу уулу. Кыргызстандын европалык үлгүдөгү биринчи кардиологу Дамир Осмонов менен кабарчыбыз Бегимай Бакашева маектешти. Жаш окумуштуунун сунуштары бир ай мурда америкалык илимий "Heart Rhythm" журналына англис тилинде жарыяланган.

Секелек кезде… Ноокат районундагы орто мектептердин биринде 10-класста окуган кыз көз жарып, баласы өлүү төрөлгөн. Учурда бул иш боюнча милициялар тарабынан иликтөө жүргүзүлө баштаган. 

Ноябрдагы соттук 8 чечим. Кызын калкалап ок жеген эне, классташын өлтүргөн өспүрүм булардын баары кинодо же башка өлкөдө эмес Кыргызстанда катталган. Чыныгы жашоодо болгон окуялар тууралуу окугуңуз келсе материалга көз чаптырыңыз.

Казак жигиттери ыйлады го. Казакстанда белгилүү продюсер Баян Максат кызы акыры (Есентаева) бизнесмен Турсенгали Алагузовго турмушка чыгыптыр. Июль айынын башында Баян Максат кызы Алагузовдун аялы ажырашууга макул болбой жаткандыктан үлпөт тойдун күнү белгисиз болуп жатканын билдирген эле.

АЛАГУЗОВА БАЯН МАКСАТОВНА 👰 😊

Публикация от Bayan Maxatkyzy (@bayanmaxatkyzy) Дек 7 2017 в 1:51 PST

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68(сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.00 сом, ал эми дизель майы 39.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жашообуз жаркын нурга бөлөнсүн!

Жакшылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Белгилер:
валюта, аба ырайы, Мунай, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ