Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Президенттин кыз-күйөөсү менен жубайына суктанып

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая леди Кыргызстана Айгул Жээнбекова и экс первая леди Раиса Атамбаева и верховный судья Айнаш Токбаева на торжественной церемонии официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР
Первая леди Кыргызстана Айгул Жээнбекова и экс первая леди Раиса Атамбаева и верховный судья Айнаш Токбаева на торжественной церемонии официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутмандүү күнүңүз менен, мекендеш.

Кыш өз өкүмүн быйыл өзгөчө жумшак жүргүзүп жатат. Дегеним, декабрга эки күн калганы менен аба али жылуу. Синоптиктер бүгүн күн ачык болуп, 7…11 градус жылуу болорун айтышты. 

Бүгүн Бишкектин бир топ көчөлөрүндө жарык өчүрүлөт. Кабарыңыз болсун.

Албетте, жаңы арал ачкан жаңылык болбосо да, айылдагылар кулакка күмүш сырга кылып кое турган маалымат. Фермер Чынар Суранчиев отун, көмүргө кеткен акчаны үнөмдөп, биогазды колдонуп жатканын айтып берди. Айылдагылар бул ыкманы жапырт пайдаланууга мезгил жетти го дейм. Сырье издеп убара да тартпайсың.

Кыргыз-түрк достугун даңазалаган оорукана. Бишкектеги Фучик көчөсүндө кыргыз-түрк достугуна арналып салынган оорукананын курулушу аяктап калды.

Өткөндө бирөөнүн кабарлашуу жаатында интернет бизди чоң айылга айландырды дегени бар эле. Себеби, баары алаканга салгандай көрүнүп, жаңылык көз ирмемде желдей тараган учуру. Айтайын дегеним, кезектеги "Соцтармак кызыктары" рубрикасы сизге көп кабарды айтып берет. Жаңы президент Жээнбековдун жубайы, кыз-күйөөсүнөн тарта үйлөнгөн ырчы Омардын тоюна чейин окусаңыз болот. Жаңы президенттин кызы менен жубайынын ажарына суктангандар көп болду.

Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү экен? Алардын арасында артисти да, окумуштуусу да, спортчусу, ал тургай Германия канцлери да бар.

Кыргызда "үйүң күйгүр" деген сөз бар. Кечээ кырсыктап, үйүн өрт чулгаган киши алаканын шак койду го… 

Ааламдын демин тыңшаган сүрөттөр. Жаңы ажодон мечитте болгон терактыга чейин…

© REUTERS / Ammar Awad Ситуация в Сирии
Ситуация в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Ситуация в Сирии

Өмүр, өмүр, өмүр. Алкымдаган ажал. Мурдагы күнү Оштон Алайга Lexus менен кетип бара жатып, жол кырсыгына кабылып, 48, 49 жана 51 жаштагы үч бир тууган каза болду. Кырсыкты кайдан деп болбойт, бирок, абайлайлычы… 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.62 (сатып алуу) жана 69.79 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш жумаңыздар ийгиликтүү болушун каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0