Аңызга айланган кашык. Аскар Акаев президент болгондон тарта эле анын "башына Ельцин кашык чаап ойноптур" деген кеп азыркыга чейин айтылып келет. Акыркы жолу бул сөздү экс-президент Алмазбек Атамбаев козгоп, көпчүлүктүн эсине салып койду. Бирок окуя аныгында кандай болгонун Феликс Кулов айтып берди. Темир генерал эмне дегенин бул жактан окуңуз.
Атамбаев демекчи, анын ырын жакында эле эмгек сиңирген артист наамын алган Кайрат Примбердиев ырдап чыкты. Экс-ажонун калеминен жаралган бул ыр хит-параддарга илинет болду бекен? Абай салып карап туралычы. Балким атамекендик ырчыларды алыс калтырып алдыга озуп чыгаар.
Кыргызстандын желеги желбиреди. Бука моюн буура сан кыргыз мушкери Самат Эмилбеков Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында атаандашын 35 секундда сулата чаап чемпион аталды. Эмилбековдун каршылашына узаткан таамай соккулары оозду ачырат. Анын ылдамдыгы, шамдагайлыгы баарынын көңүлүн бурду.
Желек темасын улай эле. Байтик баатырдын "Боз бөлтөгү" деген жерге учурунда Өмүрбек Бабанов чоо-оң желек орнотту эле. Эми ошол туу жоголуп кетиптир. Социалдык тармактын колдонуучулары жоголгон желекти издеп жатат. Мындан улам казак ырчысы Ерке Есмахандын "Кайда" деген ырын созуп жибергим келди… "Сен жоксуң, жоксуң, табалбадым сени…"
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.60 (сатып алуу) жана 69.78 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Кыргызстандын желеги дайым желбирей берсин. Расул Үсөналиев.