Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "КР баатыры" деген ким?

Жазылуу
Ошентип жаңы шайланган президенттин ант берип, тактыга отура турган күнү да келди. Расмий иш-чаралар аяктагандан кийин Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматка киришет.

Саясат саясаты менен болсун. Кезекте спорт кабарлары. 22-ноябрда Бишкекте өткөн WEF беттеши аябай кызыктуу өттү окшойт. Спорт ордосуна кире албай эшикте "төө бастыга" алынганына карабай мушкерлердин мушташын көрүүгө ашыккандардын саны арбын болду. Мушкерлер да күйөрмандардын сүрөөнү менен атаандаштарына татыктуу каршылык көрсөтүп жатты.

Спорт кабарларын эле улай, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде беш сапка жогорулап, футбол күйөрмандарын бир сүйүнттү.

Кыргыз киносуна жана маданиятына эбегейсиз салым кошкон залкар актер Муратбек Рыскуловдүн жараткан образдарын, ойногон ролдорун билесизби? Эгер кичине кыйналып турсаңыз бул сүрөт түрмөк сиз үчүн. 

Чоң сахнаны 36 жашынан тарта багындырган Гүлзат Байзакова тууралуу эмне билесиз. Эл оозуна алынган ырчынын катылып жаткан сырларын билип алыңыз.

"Кыргызстандын баатыры" деген ким? Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Алмазбек Атамбаевге "Кыргыз республикасынын баатыры" наамын берүүнү демилгеледи. Бул эмне деген сыйлык? Кимдерге берилет? Ушул суроолордун бардыгына жооптуу бул жактан окуңуз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.67 (сатып алуу) жана 69.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 38.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшыга жанаш, жамандан адаш деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0