Мөңгү менен Бабанов. Албетте мөңгү маселеси учурда эң актуалдуу маселелердин бири. Жогорку Кеңештин жообунан кийин Атамбаевдин ою абдан маанилүү. Анткени акыркы чекитти дал ушул президент коёт. Өлкө башчысы "Давыдов" жана "Лысый" мөңгүлөрүнөн эмес, ал жактагы уу калдыктары сакталган көлмөдөн чочулап жатканын айтты.
Атамбаев Бабановдун айланасындагы окуяларга да токтолуп, "Бабановго Айдар менен Максимдин бактериялары жугуп калган окшойт. Мен аны аяп жаткам, түз жүрсө бардыгы башкача болмок" деген пикирин айтты.
Атамбаевден белек. Маалымат жыйыны аяктагандан кийин ал жерде отургандардын сүйлөшкөнү эле президенттин журналистке берген кол сааты болду. "Кантип батынды?", "Мен деле сурасам болмок экен", "Сааты алтын бекен?" деген эле суроолор… "Де-Факто" гезитинин редактору Амантур Мусагуловго эстелик катары белек кылынган саат алтын жалатылган саат экенин, атайын тапшырык менен чет жактан жасалганын президенттин аппаратынан билдиришти. Сиз дагы президенттен саат алгыңыз келеби? Өз жообуңузду комментарийде калтырыңыз.
Эгер сиз өткөн жумада дүйнөдө эмне кызыктар болгонун байкабай калсаңыз биздин сүрөт топтомду карап чыгыңыз. Деги койчу, жер шарында болгон бардык кызыктарды топтоп койдук.
Андан сырткары, интернетте эмнени талкуулап, эмне кызык болгонун да компьютерден башыңызды албай эле карап койсоңуз болот. Себеби соцтармактагы кызыктарды дагы сиз үчүн чогултуп койдук.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.57 (сатып алуу) жана 69.77 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 38.00 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Таштаган ар бир кадамыбыз ийгиликтүү болсун деп Расул Үсөналиев.