Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Түн уйкумду козгоп тамшандырган казак сулуулары

© Sputnik / Серикжан КовланбаевСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип кылычын кармап кыш да кирип келди. Айлана ак түскө боёлуп, ызгаар суук менен коштолууда.

Алгач баарыңыздарга жылуулук жана сулуулук каалайм. Анткени бүгүнкү "Бурадарды" ушул теманын тегерегинде жазууну туура көрдүм. Instagram учурда дүйнө боюнча өтө популярдуу болуп турган кез. Ар бир адам ага катталып, өзү каалаган атактуулардын же жөн гана жактырган адамдардын жашоосуна "аралаша" алат. Ошол Instagram жылдыздары эмне жеп, эмне ичкенин, кайсы жакта ким менен жүргөнүнө чейин сүрөт, видео жүктөп, күйөрмандарын зериктирбейт. Бул тармакты барактап отурсаң жашагың эле келет. Баары сулуу, баары татынакай кооз жерлерде уктумуштудай эс алып жүрүшөт. Эхх… Чыныгы жашообуз да ушундай болуп калса кана?.. Кызыгы, бул жакта эч кандай талантың болбосо деле деле жылдыз боло аласың. Ал үчүн элди тамшанткан чырайың гана жетиштүү. Ал эми бул казакстандык 8 бийкеч жигиттердин түн уйкусун козгоп келишет. Алардын арасында мен дагы бармын.

Instagram тармагында жылдызы жанып үй-бүлө тууралуу унутуп калса же Instagram эмне экенин билбеген секелек курагында турмушка чыкса эмне болот? Гинекологдун түшүндүрмөсү.

Виртуалдуу менен реалдуу жашоону жакындаткан Instagram жаратуучуларына рахмат. Ал эми Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн жакындатуучуларга рахматты дагы үч жылдан кийин айтат экенбиз. Анткени 2018-жылы бүтөт деген жол эки жылга кечигиптир. Учурда кандай иштер жүрүп жатат таанышып алыңыз.

Өмүрүнүн 25 жылын театр чөйрөсүнө арнап, бул тармакта 100гө чукул түрдүү ролдорду жараткан актер Болот Тентимишов театрда жүрсөң көмүскөдө калып кетесиң дейт.

Жекшемби күнү Олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев 64 жашка чыкты. Америка ашык болгон чемпион тууралуу беш факты.

Кокуйлаткан көмүр баасы! Кыштын күнү көздөн учкан кара алтындын баасы качан арзандайт. Тараптардын түшүндүрмөсү.

Соңунда мамлекеттик иш-чараларды эне тилде, орус, түрк, англис тилдеринде алып барып, теле тармагында жана дагы тойлордун тизгинин кармап келген Нурсултан Майназаров менен болгон маекти сунуштайбыз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.58 (сатып алуу) жана 69.78 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 38.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ак кар жан дүйнөбүзгө аруулукту ала келсин!

Реалдуу жашооңуздар да Instagram баракчаңыздай жыргал болушун каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0