Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кош, Ала-Тоо! Уулуң сени майданы жок майкандады

Жазылуу
Кош, асман тиреген мөңгүлөр! Уулуң сени садага чапты...

"Ак мөңгүлүү аска зоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келген биздин ата-бабалар" деген сөздөр гимндин баш сабында жөн жерден жазылбаганына кечээ дагы бир ирет ынанып отуруп калдык. Албетте кыларга ишибиз болбой анан асман тиреген мөңгүлөрүбүздү эстеген жокпуз. Ага өзүбүз эки жыл мурун шайлаган депутаттар жардам берди. Тагыраак айтканда, алтын казып алыш үчүн "Давыдов" менен "Лысый" мөңгүлөрү садага чабылды. Буга кайсы депутат макулдугун берип, кимиси каршы турду, билип алыңыз.

Баса, ал арада Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жайгашкан мамлекеттик мекемелердин алдында 1-декабрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Билбей барып алып соттолуп кетпеңиз. Мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен куткарбайт.

Анан да Тарых музейинен 503 экспонат жоголуп, М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинен 100гө чукул буюм табылбай калган эле. Алардын да тизмеси жарыяланды. Кызык, кандай адамдар тарыхый буюмдардын көзүн тазалап иет?…

Ал эми Казакстандын ТИМ башчысы белгилүү саясат таануучунун оюна таянып президент Алмазбек Атамбаевге карата пикирин айтса, Кыргызстандык кесиптеши көпкө күттүрбөй эле ага жооп кайтарды.

Кийинки аптада борбор калаада "WEF Global-10: Улуу жибек жолунун аскерлери" аталышындагы эл аралык ири турнир өтөт. Ага чейин мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы менен таанышып туруңуз

Майлуу-Суу шаарына жакын жердеги уран шахтасы. Мында иштегендерге арак жана тамекини көп колдонуу болбостугун эскертилип турган. Медиктердин кеңешин кулак сыртынан кетиргендер жаман кеселден эрте каза табышкан, ал эми өз саламаттыгына кам көргөндөр улгайган куракка чейин жетишкен. Мисалы Аким Садыков 17 жашынан бери эң кооптуу өндүрүштө эмгектенген экен. Ал эрежеге ылайык, кенге кирердин алдында беш стакан сүт ичип турган. Мунун натыйжасында ал 82 курагында экинчи ирет үйлөнүп, 90 жашын белгилеген соң дүйнө салган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.62(сатып алуу) жана 69.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 38.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ар бир баскан кадамыбыз тарыхка жазылат!

Жергебизге тынчтык тилеп Эламан Карымшаков

Жаңылыктар түрмөгү
0