04:54 21 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бишкек. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Келатат!..

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
267 0 0

Синоптиктер ушул дем алыш күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаап дагы жибериши ыктымалдыгын айтты. Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт деп кылычын алып келчү кышка даярсызбы?

Аба ырайы демекчи быйыл кыш кандай болорун биздин синоптиктер божомолдошту. Облустардын ичинен эң эле суук аба ырайы Нарында болот экен. Айдын экинчи жарымында бул аймакта 25 градуска жеткен суук түшөт. Ичики-и-й, кадимкидей үшүп кеттим.

Карапайым калк чымырканып туруп кыштын камын көрүп жатканда бийликтин жогорку эшелонундагылар жаңы президенттин инаугурациясына даярданып, безилдеп жүргөн маалы. Ии баса, буга чейин Сооронбай Жээнбековдун тактыга отуруу салтанатына 13 миллион сом кетери айтылган. Бирок бул жалган экен, жаңы президенттин маалымат кызматы айтылгандан аз каражат кетет деп ишендирип жатышат. Аны да көрө жатарбыз эми. 

Ии баса, акча демекчи, Улуттук банк 2 миң сом номиналындагы акча чыгарды. Көрүнүшү да, түзүлүшү да, жасалгасы да бир башкача. Көрсө бул нумизматикалык негизде чыгарылган чектелүү гана купюра экен. 17-ноябрдан баштап жаңы акча колдонууга чыгат.

Кыргызстан чындыгында эле ажайып өлкө. Анын кооздугуна суктангандар оголе көп. Microsoft компаниясынын кызматкери Кыргызстан тууралуу сонун видео тартты. Аны көрүп сиз дагы бир суктанып алыңыз. 

© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Урайын деп калган бул имараттар "Кристалл" ачык акционердик коомуна таандык

Кыргызстандын жаратылышы, сулуулугу керемет экенинде калет жок. Ошол эле маалда көңүл түшүргөн учурлар дагы жок эмес. Технология боюнча айрым мамлекеттерди ат чабым артта калтыра турган "Кристалл" заводу 2002-жылы ишин токтоткон. Ишканадан жогорку технологияда аба менен суудай керек болгон жарым өткөрүүчү продукция — монокремнийлүү пластиналар өндүрүлчү. Иши токтоп турган имараттын көрүнүшү зээнди кейитет.

Бишкектиктер боорукерби? Шаардыктардын көзү начар көргөн кишилерге карата мамилесин билип көрүү үчүн атайын социалдык эксперимент тарттык. Калаа тургундарынын чынчылдыгына жана ак көңүлдүгүнө ичиң жылыйт

Аш-тойдун күнү күзүндө тууйт эмеспи. Бул убакта не деген гана тойлор өтпөйт. Элден чыгып калбоо үчүн кыргыздардын баары бапырап берген тойлор кайсылар экенин билип алсаңыз ашыктык кылбайт

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.63 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 38.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эшиктеги суукка карабай жан дүйнөдө дайым жылуулук болсун.

Белгилер:
Бурадар, интернет, аба ырайы, Улуттук банк, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ