Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Катары менен 8 чемпион төрөй турган кыз издейм

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн күйөрман. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн күйөрман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата — аскалуу зоо, эне — боорундагы булак, бала — экөөнүн ортосунда күйүп турган шам чырак

Кечээ кесиптешим Мирбек Сакеновдун үлгүлүү үй-бүлө тууралуу даярдаган материалын окуп жүрөгүм жылый түштү. Кудайдын сүйгөн пендеси экен, тең болсун деп төрт уул, төрт кыз бериптир. Жарыбаган айылыкка иштеп 8 чемпионду тарбиялаган атанын эмгеги өзгөчө баага татыйт. Мындай адамдарга "Баатыр ата" медалын берсе да аздык кылат. Ал эми энесине "Алтын эне" наамын ыйгарса да жетпей калса керек. Анан мен да ушул сыяктуу 8 чемпионду тарбиялаган ата болууга ниет кылдым. Бирок буга даяр кыздар бар бекен. Эгер макул болчу кыздар болсо азыр эле үйлөнмөкмүн.

© Фото / Facebook / Сапар ИсаковПремьер-министр Сапар Исаков на свадьбе молодоженов
Премьер-министр Сапар Исаков на свадьбе молодоженов - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Сапар Исаков на свадьбе молодоженов

Сапар Исаков "өзү суранган" үлпөт тойго барды. Анда мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жаңы порталдын бет ачарында никеге туруу боюнча онлайн арыз берген түгөйлөрдү каттоо аземине катышкан. Бул түгөйлөр да бери дегенде сегизден балалуу болуп, өз тармагынын чемпиондорун тарбиялай берсин.

Үйлөнүп жаткан бала тоюнда апасына арналган ырдын коштоосунда бийлеп элдин жашытты. Муну көргөндүн баары көз жашын тыя алган эмес. Эненин сүтүн дал ушундай иш-аракетибиз менен актоого аракет кылалы. Мен да тоюма ушул сыяктуу ирмемдерди кошууну пландап койдум. Бир жума бою соцтармак бизди эмнеси менен таң калтырганын бул жактан көрүңүз.

Бул да аз десеңиз артта калган аптада дүйнө жүзүндө болгон эң кооз жамбаштан желеге оролгон дарактарга чейинки кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүнө көз салыңыз.

© AFP / IVAN DAMANIK Извержение вулкана Синабунг в Индонезии
Извержение вулкана Синабунг в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Извержение вулкана Синабунг в Индонезии

Эгер үйүң жылуу болсо, ырдасаң да, бийлесең да болот. Ал үчүн кара алтындын баасы асман чапчып кете электе камдап алыңыз. Ансыз деле тоннасы 12 миң сомго чыкты деп жакаңды карматууда.

Соңку окуялардан кийинки саясатты аба ырайына окшоштуруп калдым. Бирде чайыттай ачылып жер жүзүнө жарыгын чачса, бирде кара булут каптап, чагылгандар чартылдап, нөшөргө айланат. Дегеним, парлементтик жана президенттик шайлоодон экинчи орунду алып лидерлердин катарына чыккан саясатчы Өмүрбек Бабанов фракциясын жетектей албай калды. Буга ал мындайча түшүндүрмө берген…

Ал эми өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин "Ала-Тоо" аянтына алты жылдык башкаруусуна арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө анын эл көрө элек сүрөттөрү да коюлуптур. Эми барып көрө берсеңиздер болот.

Бүгүн кээ бир тоолуу аймактарда жаан жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.64 (сатып алуу) жана 69.86 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.00 сом, ал эми дизель майы 38.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эл эмгегин жер жебейт!

Бактылуу үй-бүлө каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0