Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Алименттен качпа, абийириң кетет...

Жазылуу
Кутман таң! Аптанын алгачкы күнү башталды. Бардыңыздарга ийгиликтүү иш күн каалайбыз.

Убакыт болсо тызылдап эле учуп баратат. Аптанын алгачкы күнү башталып эле ары-бери карагыча жума аягы болуп калат. Убакыт да адамга, заманга жараша жүрөт окшойт. Азыр кимге жолукпа, кайда караба, баары эле бир жакка шашып бараткандар. Мурун бала кезде эмнегедир саат жай жүргөндөй сезилчү. Анын үстүнө айыл жергеси болгонгобу, айтор, жашоо бейкапар эле.

Өлүм жашардыбы? Жөнөкөй адамбы, байбы, бийби ажал каалаган күнү алып кетет экен. Бирок жапжаш балдар-кыздарды кырчындай курагында алып тынганы өзөктү өрттөп жиберет да. 11-ноябрь күнү кыргыз эли дагы бир бычакка сап уулунан ажырады. Кырктын кырына келген Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаев узакка созулган оорудан улам көз жумду.

Анын артында эки кичинекей кызы, жапжаш бойдон аялы жесир калды. Ажалга айла жок экен… Эл өкүлүнүн ишине саресеп салсак, ал Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна бир топ алгылыктуу эмгектерди жасап кетиптир. 

Этият бололучу. "Сактансаң Кудай сактайм дейт" деген элибизде жакшы сөз бар. Жолдо кетип баратып этият болбосоң азыр жөө жүрсөң, унаа айдасаң, атургай маршурткага түшсөң да кооптуу болуп калды. Кантта мас айдоочу бир үй-бүлөнү коюп кетип, кырсыктан 64 жаштагы таене жана 8 жаштагы небереси каза болгон.

Арагың менен куруп кал! Кыргызстанда үй-бүлөнүн ажырашуусуна көпчүлүк учурда ичкилик себеп болсо керек. Себеби арак адамды эмне гана кылдырбайт. Сайтыбыздын "Психолог менен баарлашуу" рубрикасында аялын сабап, кызын коркуткан чоң муштумдун каты жарыяланган. Окуп көрсөк анда деле уруштун себеби арактан келип чыгыптыр. Кесепетинен үй-бүлөсү менен ажырады.

Алименттен кача албай калышың мүмкүн. Азыр "ажырашып кетиптир, жаңы аял алып алыптыр" деген сөздөр жаңылык деле болбой калды. Ортодо бала байкуш эле чайналат. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеште алимент төлөбөй жүргөндөрдүн аты-жөнүн интернетке жарыялоо сунушталып жатат. Бул мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду. Көпчүлүк жалгыз бой энелер бул мыйзамды жактырып жатышат. 

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Товарищеский матч. Россия - Аргентина
Футбол. Товарищеский матч. Россия - Аргентина - Sputnik Кыргызстан
Футбол. Товарищеский матч. Россия - Аргентина

Москвадагы "Лужники" стадиону жаңыдан оңдоодон өткөндөн кийин алгачкы жолу Россия менен Аргентина курама командаларынын оюну өттү. Эми бул жерде дүйнө чемпионатынын ачылышы, жарым финал, финалдык оюндар уюштурулат. Ичине 81 миң киши баткан жаңы стадионду көрүүгө ашыгып жатсаңыз, бул жактагы шилтемени басыңыз.

Позитив! Көңүлүңөрдү чөгөрө бербей комузчу Назбек Кенчинбаевдин Gangnam style ырын комузга салган видеосун көрүп койгула! 

Өрүктөр уктаганда иш башталат. Кыл кыяк кандай жасаларын билчү белеңиз? Анын сырын бизге жыгач уста Алибай Момунов айтып, көрсөтүп берди. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.65(сатып алуу) жана 69.89 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.70 сом, ал эми дизель майы 36.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0