Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Кыргыз балдар эки президентти ынтымакка чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн өспүрүмдөр. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмнегедир быйылкы күз жылуу, өзгөчө акыркы күндөрү таң эрте сыртка чыксаң жаз келаткан сыяктуу аба жагымдуу. Жүрөктө дагы ушундай жылуулуктар болсунчу деп тилек кылып коем.

Аба ырайынын жылуулугун мен эле эмес, Кыргызгидромет дагы тыстыктап жатат. Бүгүн республика боюнча күн ачык болуп, абанын жылуулугу 27…28 градуска чейин жетет.

Таланттуу балдар. Күндүн гана эмес, мамилелердеги дагы жылуулукту каалаган кыргыз балдары Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевди элдешүүгө үгүттөп чыгышты. Жаш өнөрпоздор казак элине кеңири тараган "Ата толгауы" күүсүн улуттук аспаптарда чертип элдин көңүлүн көтөрдү.

Мектепке акча чогултуу. Минтип таланттуу балдарыбыз эки элди ынтымакка чакырып жүргөндө, бул балдарды мектепте окутуу үчүн ата-энелер тартып жаткан түйшүктөр тууралуу иликтөө жарык көрдү. Мектепте акча чогултуунун канчалык мыйзамдуу экенин Sputnik агенттигинин макаласынан кененирээк таанышсаңыз болот.

Балдар темасын улай. Өспүрүмдөргө байланыштуу жагымсыз көрүнүштөр ушуну менен эле бүтүп калбайт. Анткени үйүндөгүлөрдөн кордук көргөн балдардын саны дүйнөдө дагы, Кыргызстанда дагы жогору бойдон калууда. Мисалы, ЮНИCЕФтин быйылкы отчетуна таянсак, дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын зомбулуктан бир өспүрүм көз жумат экен. Ата-энелер же баккандар балдарга кол көтөрүп, сексуалдык иш-аракеттерге, никеге турууга мажбурлап, сатып, өлтүрүп дагы коюшары айтылды.

Жаңы министр. Кандай болгон күндө дагы жашоо улана берет экен. Бирөөнү кызматтан кетирип, бирөөнү шайлап, айтор, көнүмүш турмуш… Кечээ Маданият министрлигинин жетекчилигине парламент журналист Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдоп берди.

Анда биз жөн турабызбы деп кесиптешим Мирбек Сакенов ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдап салды.

Мандат менен кош айтышуу. Ал эми "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды. Эл өкүлүнө карата мындай чечимдин кабыл алынышынын себептерин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүрүп берди.

Кесиптик майрам. Ал ортодо кыргыз милициясы кесиптик майрамын белгиледи. Биз болсо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында түйшүктүү ишинин айынан 2017-жылдын тогуз айында өмүрү менен кош айтышкандарды тизмектеп чыктык. Алардын арасында киши колдуу болгон лейтенант, подполковник бар.

Кесип демекчи, чогуу иштегендер арасындагы мамилелер жана алар бири-бирине карата эмнелерди жасабашы керектигин журналист Таалайгүл Усенбаева жазды. Жумушта кадыр-барк күтөм десеңиз, бул макаланы окуп коюңуз.

Сөзүмдү жакшы кабар менен аяктайын. Жалал-Абадда жүрөк-кан тамыр ооруларын изилдөөчү жаңы жабдуу ишке берилди. Аны иштетүүнү үйрөнүү үчүн адистер Түркияда окуудан өтүп келишкен.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.00 (сатып алуу) жана 69.10 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Жүрөктөн жылуулук кетпешин тилеп Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0