Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аңдан-дөңдөн кайра тартпагандар

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаезд внедорожников в селе Озерное
Заезд внедорожников в селе Озерное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күз — күрөш демекчи эмгегибизди митингдерден эмес, иштеп көрсөтөлү. Элди дүрбөтүп андан пайда көрүп, саясат жасагысы келгендердин тилегин ылайым таш капсын.

Дем алыш күндөр чынында кызыктуу окуяларга бай болду. Бишкекте мыкты мушкерлердин башын бириктирген эрежесиз эр уруш өттү. Жигиттердин чыңалган булчуңдары, сулай жыгылган атаандаш… Койчу, көргөн сайын көргүң келет. Ии, баса, 28 жаштагы Тилек Жээнбеков өзүнө атаандаш издеп убара, себеби, аны менен мушташам деп эч ким даап чыга албайт экен

Пржевальск шаары дегенде кайсы шаар эсиңизге келет? Улуу муундан сүрөттөрүн карасаңыз дал ушул шаардан түшкөн сүрөттөрү көп. Макул эми силерди кыйнабай эле өзүм айтайын, Каракол шаары мурда Пржевальск болчу. Ушул калаага кечээ, 29-октябрда, 148 жыл толду. Бир жарым кылымдык тарыхы бар калаанын тээ илгерки сүрөттөрүн көрүңүз.

Көккө сапырылган чаң, аңдан-дөңдөн секире жулкунуп жүргөн жол тандабастар кечээ шаардыктар менен анын меймандарын шаңга бөлөдү. Кантип дейсизби? Жообу бул жакта

Эркек айдоочулардын теңинен көбү аял айдоочуларды жек көрөт. Себеби… себебин автоунаасы барлар эле айтпаса жеке мен билбейт экем. Анын ичинен кымбат автоунааларды айдап жүргөндөрдү көргөндө негедир ак эмгеги менен тапкан жок, көңүлдөшү сатып берсе керек деген ой коомдо калыптанып калган. Мына ошондой автоунаа айдаган айымдар эмне дейт? Алардын ою абдан кызык.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.55 (сатып алуу) жана 68.79 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жаңы аптанын жаңырган күнү ар бирибизге жылуулук жана кең пейилдик алып келсин деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0