Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кийинки жылы 117 күн жамбаштап жатып эс алабыз

Жазылуу
Күздүн толуп турган маалы. Анын акыркы айына саналуу күндөрдөн кийин аяк басабыз. Ноябрь айында күн кандай болот деген суроо бардыгыбызды түйшөлтүп жатса керек.

Күздүн акыркы айынын башталышы жеке эле мени эмес, сиздерди да кубантат экен. Анткени ноябрдын башы жылуу аба ырайы менен тосуп алат

Ии баса, жума күнгө болгон аба ырайын да бир карап алып анан иш кылгыла.

Эс алуу ар бирибизге жагат. Быйыл эс ала албай калдым дегендер кийинки жылга алдын ала план түзө бергиле. Себеби 2018-жылы дем алыш күндөрдү жана майрамдарды чогуу эсептегенде жалпысынан 117 күн эс алат экенбиз

Жаңыра турган жылдын календарын кайдан табам десеңиз биз сизге аны бул жакта даярдап койдук

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүДепутат Калия Токтогулова
Депутат Калия Токтогулова - Sputnik Кыргызстан
Депутат Калия Токтогулова

Азыркы учурдун түшүнүгү менен алып караганда депутат деген иномарка машинада чалкалап, кабинетте жылуу жумшак отуруп, элдин көйгөйүн чечкен киши катары калыптанып калган. Бирок СССР учурундагы Кыргызстандын депутаттары кандай эле деп ойлондуңуз беле? Кыргыз ССРинин депутаттарынын сүрөтүн бир карап анан жыйынтык чыгарыңыз.

Жолоочунун жолдо, жолдо болбосо үйдө болгону жакшы деп айтылат эмеспи. 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасында кыйналып өтө албай тургандарды өзөк жалгатуу үчүн президент Алмазбек Атамбаев бир миллион сом бөлдү. Ылайым эле эки элдин ортосунда чек ара маселеси мындан ары болбосун. 

Өлүм айттырбай келет. Качан, кайда, кантип бул жарыктык менен коштошорубуз белгисиз. 26-октябрга караган түнү милиционер бейтааныш кишинин бычагынан ажал тапты. Каргашалуу окуя видеокамерага түшүп калган. Жамандыкты амандык жеңет демекчи, аман бололу!

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.53 (сатып алуу) жана 68.78 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Азыр ак төөнүн карды жарылган убак. Ар бир үйгө береке жана ырыскы толсун деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0