Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жалындуу жаштар өлкөнү жаңы нукка бурсун

Жазылуу
Кутман таң! Өлкөдө күн сууктай баштады. Жылуу кийим даярдаңыз!

Ар бир күнүбүз өзүнчө тарых. Кечээ кыргыздын мыкты уулу, көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун 107ге чыкмак. Өлкөнүн өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон инсандын архивдик сүрөттөрүн сунуштайбыз.

Ага улай эле кечээ дагы бир тарыхый күнгө күбө болдук. Жогорку Кеңештин төрагасы эртең менен күтүүсүз жерден кызматын тапшырып кол шилтеп кетти. Бирок эл өкүлдөрү анын креслосун көпкө бош калтыра койбой жаңы төрага шайлап алышты. Көпчүлүктүн колдоосуна татыган 41 жаштагы Дастан Жумабеков ЖК тарыхында эң жаш төрага болуп калды. Мамлекеттин экинчи адамы тууралуу фактылар менен таанышып алыңыз.

Кызматтык дайындоолор муну менен эле чектелген жок. Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Даир Кенекеев вице-премьерликке дайындалды.

Бул жакта бири кетип, экинчиси келип жатканда Еревандагы ЕАЭБдин жыйынында Казкстандын өкмөт башчысы Кыргызстанды мыйзамсыз импорт менен иштейсиңер деп айыптап чыкты. Ошол эле учурда кыргыз-казак чек арасы тууралуу сүйлөшүүлөр да оңунан чыкпай калганы маалым болду. Бул маселе дагы көпкө созулчудай… Баса, Өзбекстан да чек арасынан казакстандык унааларды өлкөсүнө киргизбей жатыптыр.

Нанга аяр мамиле жасап аны кор кылбаш үчүн элибиз сөзсүз ага карата ар түрдүү тыюуларды колдонуп келген. Нанга байланыштуу тыюулар менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.45 (сатып алуу) жана 68.69 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыкка үмүт арталы!

Ийгиликтерди каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0