Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таң атпай урушканга аргасызмын...

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтын шыпырып жаткан "Талазык" ишканасынын кызаматкерлери. Архив
Ала-Тоо аянтын шыпырып жаткан Талазык ишканасынын кызаматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң. Агарып аткан таң ар бирибизге жакшы маанай гана тартууласын.

Жөө кишинин жинин кашайткан учурлардын бири бул маршрутка болсо керек. Айрыкча эртең менен, анан кечкисин. Шаар ичинде бир аз абал жакшы, маршруткалар тезирээк жүрүп турат. Ал эми жаңы конуштарга каттаган маршруткалар аман эле болсун. 20 адам бата турган унаага айдоочулар 100 кишини деле пресстеп алып келе берет. Жок дегенде эртең менен, кечкисин бат-бат жүрүп коюшпайбы. Айтсаң "билгениңди кыл, болбосо түшпөй эле кой" деп аркырап беттен алышат. Айла жок…

Жаңы шайланган ажобуз ушул маселени жакшыртып берсе көп адамдын сообуна калат эле. Анын президенттикке качан киришерин эксперттер божомолдоп айтып беришти. 

Инаугурациясынан кийин кадрдык өзгөрүү болобу же болбойбу деген суроого да серепчилер өз ой-пикирлерин билдирди.

Орусчаны үйрөнүп, волейболду катыра ойногон Жээнбеков. Кабарчыбыз Зульфия Тургунова жаңы боло турган ажонун туулган жерине барып айылдаштарынын, мугалимдеринин ал тууралуу айткандарын угуп келиптир.

Ушундай эле болсун. Кыргыз-казак чек арасында болсо абал жакшырууда. Ал эми биринчи вице-премьер Толкунбек Абдыгулов беш күн ичинде чек арадагы абал боюнча жол карта иштелип чыгарын айтты.

Жүк ташуучу унаалар көп өткөн "Ак-Тилек"көзөмөл өткөрүү пунктунда унаалардын тыгыны дагы деле бар. Бирок Чек ара кызматы ал жакта да кыймыл тездеп саатына жетиден унаа өтүп жатканын айтып кетти.

Мумия маселеси тынчый элек. Тарых музейиндеги мумиянын көмүлүшү коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков буга чейин аны 500 миң долларга өлкөдөн чыгарып кетебиз дегендер болгонун билдирди.

Мумия тууралуу музей кызматкерлери арасында да ар кандай имиштер айтылып жүрөт. Алардын айрымдарын бул жактан окуңуздар.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.40 (сатып алуу) жана 68.67 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көңүлдү калтырышпай, ден соолук сурашып жашайлы.

Баарыңыздарга жакшы маанай каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0