Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мен казак кызыма, Айжан Асемова жигитине жетпей...

© Sputnik / Табылды КадырбековПоследствия обильного дождя в декабре в Бишкеке
Последствия обильного дождя в декабре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таң ырыскысы баарыбызга тең жетсин!

Студент кезимде казакстандык Лаура деген группалашым бар эле. Ал күнүгө Кордайдан келип кетип окучу. Аны менен сабакта отурганда кыргыз-казак элинин салттары, өзгөчө тойлору тууралуу көп сүйлөшчүбүз. Кээде сени Бишкекке келин кылып алып калам деп да тамашалаар элем. Ал да макул болуп "менин себим даяр, калыңды алып келсең эле болду" деп айтчу. Ошентип жүрүп окууну да бүтүп кеттик. Жанагы чек ара дегенде эле биринчи ошол кыз менен байланыштым. Эми себиңди кантип алып өтөсүң десем "жолу табылып калаар" деп күлдү. Көрсө убагында биздин тамаша сөздөрүбүз эл аралык мамиле экендигин билбептирмин.

 

Публикация от Nursultan Kursanali uulu (@nurs_sultan_) Окт 18 2017 в 6:47 PDT

 

Чек арадагы көйгөйлөр ишкерлерди эле эмес, сүйүшкөн жаштарды да түйшүккө салгандай. Муну Instagram жылдызы Айжан Асемова казак жигитине жете албай убара болуп жатканынан байкасаңыз болот.

Ал арада саясий сүйлөшүүлөр да болду. Алгач кыргыз тарап Таластагы Киров суу сактагычындагы сууну коё беребиз десе, казак тарап буга эч кандай тынчсызданбай турганын айтты. Кайра эле кечке жуук өкмөт башчы Сапар Исаковдун Астанага аттанаары белгилүү болду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жолдор ачыла турганы маалымдалды. 

Кечээ өлкө башчы Алмазбек Атамбаев казак лидери тууралуу сүйлөп жатып эмоцияга алдырып чекилик кетирген окшойм деди. Анын бул сөзү бүт ЖМКлардын баш темасына коюлуп таратылды.

Ал эми шайлоодон оозуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун тек жайы, балалыгы, үй-бүлөсү туралуу бул жактан таанышыңыз. Бул аз десеңиз өспүрүм кезинен пайгамбар курагына чейинки сүрөт түрмөгүн сунуштайбыз.

Аягында айтаарым, коломтоңуздардагы от өчпөсүн! От менен ойнобой бейкутчулукта жашайлы.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сүйүүнүн чек арасы жок!

Сүйүшкөндөргө бакыт, саясатчыларга кайрат тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0