Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кыргызстандыктар кырылып калмай болду...

Жазылуу
Үч күндөн бери эле ушул окуя айланып, көңүлдөн чыкпай туруп алды. Таң эртелей ишке келе жатып, дагы эстедим. Кандайча ушундай болуп кетти? Ким күнөөлүү да, ким жооптуу?

Бүгүн кээ бир жолдор түшкү саат бирге чейин жабылат. Себеби үч күн мурда жол кырсыгына кабылып мүрт кеткен 38 жаштагы вице-премьер Темир Жумакадыров жерге берилет… Аны менен кошо ошол жерден жан берген 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов аттуу жигиттер акыркы жайына узады. Эмне болуп кетти, эми жакындары кантти, балдары жетим калбадыбы? Алты бала атасыз калды дешти… 

Сезгендей, билгендей, Жумакадыров жакында эле, 12-сентябрда кырсыкты кыскарталы, адам өлүмүн азайталы деген экен. Адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп болуп жатканына кейиген. Эми анын өмүрүнө ким кейит? Мындан ары бийликтин тиешелүү бутактары ордунан козголуп, бул жааттагы чыры көп долбоолорду ишке салууну тездетеби?

Анын себебин ким табат, ким жазасын тартат? Жагдай кандай болду эле? Суроолор арбын…

Учурда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында вице-премьер Темир Жумакадыров менен эл коштошуп жатат… Жаткан жериңер жайлуу болсун, жигиттер.

Айтып оозду жыйгыча, Бишкек — Ош жолунда Honda Fit менен күйүүчү май ташыган унаа кагышып беш адам каза болгондугу тууралуу кабар алдык.

Абалды анализдөө үчүн сайтка эсептегич койгонбуз, тагыраагы адам жол кырсыгынан каза тапкан учурлар катталып турат. "Жыл башынан бери жол кырсыгынан 526 адам каза болду" деп турат…

Кыргызстандыктардын баары жол кырсыгынан эле кырылып калабы???

Sputnik кыргызстан жол кырсыгынан каза тапкан бийлик башындагыларды тизмектеди. Тилекке каршы, алардын баарынын бети ачылып, жазасын алгандар дээрлик болгон жок. Муну алардын бала-чакалары алигүнчө айтып келишет. 

Эмне демекчибиз, өлгөндөн артынан эч ким өлбөйт, жашоо улана берет. Кечээ кыргызстандыктардын бир тобу жөө күлүк болуп, "Күз деминде" күүлөнүп чуркады.

Бөдөнөнүн жумурткасынан балапан кантип чыгып жатканын көрдүңүз беле? Чыйпылдаган, чырылдаган балапандар.

Ааламда. Россиянын президенти Владимир Путиндин 65 жашкы чыкты. Анын адаттан тыш, элге тарабаган сүрөттөрүн көрүү көптөр үчүн кызык болсо керек.

Кош бойлуу эркек туурасындагы кабарды укканда чочуп кетпеңиз. Финляндиялык дарыгерлер мындай шумдукту биринчи ирет кезиктирип жатыптыр.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.20 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз: Шашкан шайтандын иши. Кан жолдо жүргөндө шашпай, алактабай, сабырдуу бололучу.

Баарыңарга аманчылык тилеп, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0