Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Бука менен кунажынды айырмалай албай...

© Sputnik / Табылды КадырбековЧеловек в костюме лошади переходит дорогу на перекрестке в Бишкеке. Архивное фото
Человек в костюме лошади переходит дорогу на перекрестке в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Жергебизде тынчтык болсун!

Кечээги күндүн ары күлкүлүү, ары таң калычтуу каарманы шок кунажын болду. Эч кимге баш бербей шаар аралап чуркап, кармоого барган милицияларды тээп, жай бараткан аялды да ыргыта сүздү. Ошентип шок кунажын бир заматта жылдыз болуп Кыргызстан эле эмес, дүйнөгө таанылды. Бирок эмнегедир кунажын менен буканы айырмалай албай калганыбыз өкүндөрөт. Дегеним көбү бука деп жазып жиберишти.

Дагы бир таң калычтуу окуя. Япониялык бизнесмен Бишкекке келип кайырчыга айланды. Кызык, жарым жыл мурун эле жеке менчик камсыздандыруучу ишкананы жетектеп жүргөн ишкер Кыргызстандан эмне жоготту экен…

Ал эми кечинде ажолукка аттангандардын теле таймашы болуп өттү. Аны бул жерден көрө аласыздар.

Кесиптешим Гүлдана Талантбекова жан дүйнөсүн ак баракка түшүргөн жаш жана ийгилик жараткан учурдун жазма акындарын тизмектеди. Анда биз менен поэзия ааламына барып келиңиз. 

ГЭС-5 аймагында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Мунун кесепетинен дагы бир үй-бүлөнүн очогу өчтү. Porter менен Subaru Outback унаалары кагышып, жүк ташуучу унаада бара жаткан атасы менен кызы мерт кетти.

Кечке жуук Алматынын жака белинде Ан-28 учагы кыйрап, ичиндеги беш адам каза болду. Кеменин командири Кыргызстандын жараны экен.

Бүгүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.48 (сатып алуу) жана 68.76 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.00 сом, ал эми дизель майы 37.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күздүн суугунан сак бололу!

Жүрөгүңүздөргө жана үйүңүздөргө жылуулук тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0