Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жалындаган өмүрлөр жалп өчкөндө...

Жазылуу
Иш күнүңүз ийгиликтүү болсун.

Кечээги күн маалыматка бай болуп, бирде жакшы жаңылык чыкса, аны утурлай эле каргашалуу окуялар да катталып жатты.

Жол кире маселеси. Буга чейин учу чыгып, кайра дымып жаткан маселе кечээ да жылт этип кайра жашынды. Тагыраагы күн тарибинен алынды. Деги эле ушуну менен такыр көтөрүлбөсө жакшы эле.

УКМК Өмүрбек Бабановдун билдирүүсүнө жооп кайтарса, шаардык сот Текебаев менен Чотоновду сегиз жылга түрмөдө калтырды.

Саясий айдыңдагы чуу ушуну менен чектелбей, депутат Канат Исаев тергөө амалдары бүткөнчө камалып турмай болду.

Ал ортодо Канат Исаевдин агасы Талант Исаев өз ыктыяры менен кызматын тапшырды.

Болуп жаткан окуялардан улам президент Алмазбек Атамбаев жыйын куруп, президенттик шайлоого талапкерлердин үгүт иштерине байланышкан абал, президенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат укту.

Кесиптешим Таалайгүл Усенбаева келиндер эмнеге нааразы болгонун тизмектесе, Эламан Карымшакаов интернетте дүң болгондор тууралуу жазды. 

© AP Photo / Matthias SchraderТурнир Nebelhorn Trophy в немецком Оберстдорфе
Турнир Nebelhorn Trophy в немецком Оберстдорфе - Sputnik Кыргызстан
Турнир Nebelhorn Trophy в немецком Оберстдорфе

Ал эми апта ичиндеги окуяларга көз чаптырам десеңиз бул жактан күтөбүз

Лас-Вегастагы окуя күндүн эң каргашалуу жаңылыгы болду. Музыка угуп жаткандарга карата ок жаап, 60ка чукул адам набыт болду.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.45 (сатып алуу) жана 68.55 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Күтүүсүз келген кырсыктан оолак бололу.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0