10:23 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын эстелиги. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Патенттен чыккан паника

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
81 0 0

Күз келип, той-аштын болуп турган маалы. Мындай шаан-шөкөт ырчыларсыз жана тамадаларсыз өтпөй турганы бышык. Элге кызмат кылып, алардын көңүлүн көтөргөн ырчы-чоорчуларды иш үстүнөн салыкчылар барып "басып калды". Эмнеге жана эмне үчүн деген суроо туулуп, ырчы журтчулугу чуру-чуу түшүп калды.

Ырчылар менен тамадалар элге кызмат кылып, акча таап жаткандыктан салык төлөп, патент алышы керектигин салыкчылар айтууда. Бирок алардын мындай пикирин бардык эле чыгармачыл кишилер колдой бербейт. Патенттен чыккан чуунун күңгөй-тескейине бир көз салып көрбөйсүзбү.

Той-аш темасын улай. Эки жалгыздын жуп болуп, түтүн булатышын бардыгы эле кааласа керек. Өзгөчө ата-энелер уул-кыздарынын турмуш курушун кудайдан тилейт эмеспи. Мына ошол үйлөнүү үлпөт тоюна азыр канча сом кетерин тизмектеп эсептеп чыктык. Кана эмесе, белди бекем бууп, столго жакшылап отуруп, бул шилтемени ачабыз. Ии баса, жаныңызга болочок жубайыңызды да отургузуп алыңыз. Ага да кызык да.

Жаштар үйлөнгөндөн кийин бардык тууган-туушкандар бата тилеп, каалоо тилек айтканда "алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын, жыл өтпөй бешик тойго келели" дешет го. Бала төрөлгөндө аны сары май менен оозантуу керектигин билчү белеңиз. Анан да жаңы келген келиндин да оозуна май салат. Мындай жөрөлгөнүн маани-маңызына кызыгып көрдүңүз беле?

Белгилүү акын Жолон Мамытов бекеринен кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй деп айтпаса керек. Кыргыз элинин атактуу уулу, белгилүү актер Сүймөнкул Чокморов 26-сентябрда көз жумган. Чокморовдун сүрөттө калган элестерине бир көз салыңыз. 

Тарых барактарында чыныгы кыргыздардын көзү көк, өңү сары болгон деп айтылат. Биз ошол "чыныгы кыргыздарды" издеп таап, аларды сүрөткө тарттык. Балким биздин сүрөт топтомдорунун ичинде сиз тааныгандар да болуп жүрбөсүн, жакшылап карап көрсөңүз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.36 (сатып алуу) жана 68.62 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.00 сом, ал эми дизель майы 37.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ак эмгек менен гана ийгиликке жетели деп Расул Үсөналиев.

Белгилер:
той, күйүүчү-майлоочу каражат, патент, валюта, ырчы, Сүймөнкул Чокморов

ЭҢ МААНИЛҮҮ