Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуу кыз, мен сени ошол аялдамадан күтөм

Жазылуу
Аптанын акыркы иш күнү ийгиликтүү болсун!

Мен күткөн сериалдын жаңы сезону чыгып калган экен, бир дем менен көрүп жаткам, бир оокумда эле будильник чырылдайт. Карасам саат алты болуп калыптыр. Беш мүнөт жата турайын деп уктап кетипмин. Карындашым жумушка кечиктиңиз деп жатып араң тургузду. Бир көзүмдү эптеп ачып, экинчисин эч эле ача албай жатам. Бүт эркимди, күчүмдү жумшап, алышып атып араң дегенде жаздыктан баш көтөрүлдү. Көзүмдү чала ачкан бойдон үйдөн чыгып, маршруткага отурдум. Ой, отурдум дейм да. Кайдан, араң баттым. Тыгылып, кыпчылып, тепселенип, уйкусурап эле келе жаткам, үчүнчү аялдамага келгенде эки кыз маршруткага түштү. Алгач алардын жүзүн көргөнгө үлгүрбөдүм. Жашырагы жаныма келип, жалт эте караганда жүрөк чиркин болк этти го. Чагылгандай тез, кылычтай курч, найзадай учтуу жебе жүрөккө келип тийди. Ушунчалык назик, болуп көрбөгөндөй жанга жагымдуу, тунук, апакай бийкеч экен. Магдырап, мемиреп гана туруп бердим. Бут коерго орун жок болуп жаткан маршрутканын ичи кеңейип, уйкум чамачтай ачылды. Ал эле эмес жети кабат асмандын эшиктери ачылды. Бейиштин эшиктери ачылды! Аалам демин ичке тартып, ашыктыктын атыр абасы аңкып жатты. Колтугума канат бүтүп, эми гана учуп баштаганда бакырып жибердим. Карасам 90 килограмм болгон байке бутумду басып алыптыр. Далдалактап кечирим сураган бойдон маршруткадан түшүп кетти. Мен болсо мас кишидей болуп, өзүмө келе албай турам. Эсимди жыйгыча баягы сулуу да маршруткадан түшүп кетсе болобу. "Байке, токто! Токто дейм!" деген бойдон маршруткадан түшө албай кала бердим. Өчөшкөнсүп айдоочу да газды баскан бойдон айдап жөнөдү. 

Ай жүздүү, күн нурлуу периштени терезеден карап гана узаттым. Тыкан кийинип, колуна сумка көтөрүп алыптыр. Студент окшойт. Буюрса жакшы билим алса, Бермет Турсункуловадай болуп өкмөт башчыга жардамчы болор. Балким мугалим болуп, илимде жаңы ачылыштарды кылаар

Башкысы башка кыздардай болуп, чечинип албаганы жакты. Бул кыз татыктуу эне болоорунан эч шегим жок. 

Башкысы ызы-чуудан алыс болуп, Бишкектин көчөлөрүнө көрк берип жүрсөң болду.

А мен сени кайрадан ошол аялдамадан күтөм.

Бүгүн айрым жерлерде жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.40 (сатып алуу) жана 68.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Дүйнөнү сулуулук сактап турат.

Баарыңыздарга сүйүү каалап Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0