Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. АКШда айкелге тийишкен кыргыз бала эми кантет?

Жазылуу
Арыбаңыз, мекендеш. Түндөн түгөл чыгып, жакшы жатып, жай турдуңузбу?

Күнгө бейшемби. Сентябрь айы аягына чыга жаздап калды. Алтын күз…

Бүгүн аба ырайы тууралуу маалымат берген синоптиктер өлкө аймагында күн ачык болорун, Ош менен Бишкекте аба 27…29 градуска дейре ысый турганын айтышты.

Жети кишинин кубанычы. Күн эле эмес, азыр тээ алыскы Ак-Талаадагы бир үй-бүлөнүн да көңүлү жылып турат. Үч эм наристелерин кошкондо беш балалуу ата-энеге президент Алмазбек Атамбаев үй белек кылыптыр. Болсун, дейли.

Океандын ары жагында… үн салды. Ажо туурасында кепти уласак, кечээ президент Атамбаев Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөдү. Бул мамлекет башчынын президенттик кызматтагы кезинде аталган уюмдун жыйынына алгачкы катышуусу болду.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВыстуление президента КР Алмазбека Атамбаева на заседании Генеральной Ассамблеи ООН
Выстуление президента КР Алмазбека Атамбаева на заседании Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Выстуление президента КР Алмазбека Атамбаева на заседании Генеральной Ассамблеи ООН

Эл башы болом дегендердин таскагы… Президенттик кызмат демекчи, учурда өлкөдө эл башы болом дегендер үгүт иштерине жанын сабап катышууда. Талапкердин бул жарышта таскагы бирдей эмес. Жакында эле БШК Кыргызстандын президенттигине ат салышып жаткандар шайлоо өнөктүгүнө 2011-жылкы талапкерлерге караганда 1,5 эсе көп каражат сарптагандыгын санап чыкты.

Чаар ат баяны. Кечээ биздин сайтка таскактаган талапкерлер эле эмес, кадимки таскактуу, жылкы жаныбар туурасында жакшы материлдар чыкты. Алардын бири — алыскы Америкада "Аппалуза", ал эми биздин жергебиздеги кадимки эле чаар жылкы тууралуу кызыктуу маек. Эки континенттеги бул жаныбарлардын гени бир экендиги илимде далилдениптир. Кызыгы, алар кантип эки жакка тарап кеткен? 

© Фото / Талант КирешевРазведение пятнистых лошадей породы "Аппалуза"
Разведение пятнистых лошадей породы Аппалуза - Sputnik Кыргызстан
Разведение пятнистых лошадей породы "Аппалуза"

Атты башка чаппагыла! Ал эми журналистибиз Таалайгүл Усенбаева жылкы баласына кандай мамиле кылуу туурасындагы тогуз "болбойтун" топтоп чыкты. Алгачкысы, атты башка чаппаңыз! "Аял киши жайдак атка минбейт" деген жери бар экен. "Бурадарды" жазып отуруп, а мен секелек кезде жайдак атка канча ирет минип, жылкыларды бээ саанга айдап келгенимди эстедим… Сонун кездер эле… (Жылкы баласы таң атпай ностальгияга жетеледи, ошентип).

Дагы бир жакшы кабар бар! Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" киносу Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлөт экен. "Чет тилдеги мыкты тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгына аталган фильмди Кыргызстандагы Оскар комитети сунуштап жатат. Ушул тасманы көрө электер бир көрүп койсоңор, ашыктык кылбайт. Өгүнү, кинотеатрга чыкканына эки аптадай болуп калганда барсак, чоң залда үркөрдөй болуп 2-4 киши отурат…

Ааламда. Көңүлдү көбүрөөк түйшөлткөн Мексикадагы зилзала болду. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Адамдар каза таап, жакшынакай эле имараттар жалп этип кулап калганын көргөндө эрксизден жакаңды кармайсың. 

Линкольндун мемориалы жана кыргыз бала. Кыргызстандык бала АКШда жөн жүрбөй, атактуу Авраам Линкольндун мемориалына колу кычышып, атын чийип жаза коем деп бери дегенде өлкөгө "дүң" болду. Алар вандализм фактысы боюнча КР жараны кармалганын Кыргызстандын АКШдагы элчилиги чоо-жайын сурап кайрылганда ырастаган.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жаман деген бир ат бар жууса кеткис, жакшы деген бир ат бар кууса жеткис.

Иш күнүңүздөр ийгиликтүү уланышын каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0