Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Улам кызмат алмаштыргандарга оомат келе береби

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАк үй. Архив
Ак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңуздар деген тилек менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

Бейшемби күнү маалыматка бай болуп, бирде саясий окуялар болсо, бирде жакшы жаңылыктар чыгып жатты. Күндүн башкы жаңылыгы Алмазбек Атамбаевдин Сочиге барышы болду. Иш-сапардын алкагында өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугуп, маанилүү маселелерди талкуулашты.

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВстреча президента РФ В. Путина и президента Киргизии А. Атамбаева
Встреча президента РФ В. Путина и президента Киргизии А. Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Встреча президента РФ В. Путина и президента Киргизии А. Атамбаева

Жогорку Кеңештин Кубанычбек Кулматовду Улуттук банктын төрагалыгына бекитиши дагы көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Албетте, Кулматов эл өкүлдөрүнүн элегинен жеңил эле өтүп кеткен жок. Көбүнесе депутаттар анын ийгилик сырына кызыгышты. Акыркы алты жылда жалаң гана майлуу-сүттүү кызматтарды аркалаган Кубанычбек Кулматов тууралуу кызыктуу фактылар бул жакта.

Саясат демекчи, бул ирет кесиптешим Бегимай Бакашева ажолукка аттангандардын кайсыл кесипке ээ экендигин аныктап көрдү. Буюрса, бардык талапкерлерге ийгилик каалап, кимиси жеңсе да өлкө үчүн мыкты кызмат кылат деп ишенели. Эгерде эмгеги элге сиңсе, Чыңгыз Айматовдун эстелигин Москвага коюу демилгелеген сыяктуу алар да тарыхта жакшы сөз менен эстелип жүрөөр.

Баса, Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде алты сапка көтөрүлдү.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өмүр бизден өтсө да, эл эмгектен эскерсин.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0