Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Игра престоловду" коюп, "Сынган кылычты" угалы...

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование 150-летнего юбилея Единения теленгитов с Россией
Празднование 150-летнего юбилея Единения теленгитов с Россией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы күн ырыскыга жык толсун.

Дүйнөнү дүңгүрөткөн "Игра престолов" сериалынын 7-сезону бүтүп, кийинки сезонду чыдамсыздык менен күтүп жатасызбы? Андагы бир туугандардын так талашы, ата-баланын бири-бирин өлтүрүшү төбө чачты тик тургузуп, сценарийдин күтүлбөгөн жерден 180 градуска бурулушу адамды өзүнө байлап алат. Өкүнүчтүүсү кийинки сезон качан чыгаары белгисиз. Анткени тасмалар тартылып баштай элек экен. Жок эле дегенде эки жыл убакыт кетет. Бирок сиз үчүн кубанычтуу кабарыбыз бар. "Игра престолов" сериалынан ашып түшкөн, ойдон чыгарылып эмес, болгон окуя жазылган "Сынган кылыч" романынын аудио китеби түшүрүлдү. Жөн гана китепти угуп эмес, андагы каармандар тууралуу кеңири маалыматтар, окуянын жүрүшү камтылган картаны көрөсүз. Эгерде окугусу келгендер болсо, электрондук китеп кылып да окусаңыз болот. Китепти угуп чыккан соң "Игра престолов" анын алдында бир гана тамчы экенине күбө болосуз. Андыктан баарыңыздарды китептин аудиосун угууга чакырам.

Өз кезегинде тарыхый романга экинчи өмүр берген профессионал кесиптештерим Нургүл Максутова, Эрнис Алымбаев, Даниил Сулайманов, Михаил Дудин жана башкаларга "Сынган кылычтын" күйөрманы катары ыраазычылык билдирип, тизе бүгө таазим этем. Ат көтөргүс эмгегиңиздер келечек муун үчүн өтө маанилүү.

"Сынган кылыч" романын укканча жаңылыктарды да окуп турсаңыздар болот. 

КРдин эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Асел Турдалиева менен маекти окуп, көз жоосун алган зер буюмдарынын жасалышын көрсөңүз болот

© Sputnik / Табылды КадырбековАсел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын
Заслуженная артистка КР Асель Турдалиева - Sputnik Кыргызстан
Асел Турдалиева: бала кезимде жеке турмушумду көп тилек кылбаптырмын

Идиш-аякка карата 10 болбойтко көз жүгүртүп, жаңы чыккан iPhone X телефонуна көз салып коюңуз.

Шайлоо темасын кантип айланып өтмөк элек. Талапкерлердин үй-бүлөсү тууралуу маалыматты төмөндөн окусаңыздар болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.70 (сатып алуу) жана 68.83 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Тарыхыты мылтык менен атканды келечек замбирек менен тосуп алат.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0