01:40 20 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаары. Архив

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Үч күндө сени ушунча сагынарымды билбей...

© Фото / Акылбек Турганов
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
61 0 0

Кутман таң!

Күркүрөгөн күз да келип берекесин, ырыскысын төгө баштаган кез. Бирок Бишкекте аба ырайы Астанага караганда кыйла жылуу экен. Үч күнгө жумуш менен барып шыйрагыбыз жылыбай келди. Боордош элдин борбор калаасы шумдук кооз болгону менен бир нерсе жетишпей жаткандай сезилди. Баары кооз, кычыраган унаа, заңгыраган үйлөр, айтор, сонун жашоо болсо да Кыргызстанды үч күн ичинде сагынып кеттим.

Бизде болсо жашоо кайнап жаткан кез. Мамлекетибиз президенттик шайлоо өткөрүүгө камынып, талапкерлер акчасын асманга чачууда. Ал эми элдин акчасы азыр той-ашка кетип жаткан учуру. Кээ бири топурата той берип карызга малынып отурса, айрымдары кезек-кезеги менен тизилген тойлорго кошумча таппай убара. Буга байланыштуу кабарчыбыз Бегимай Бакашева өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор тууралуу материал жасады.

© Ruptly
Яхты на суше и мощный ветер — ураган "Ирма" бушевал во Флориде

Жакшылык эле болуп турсун. Кыргызстандын аба ырайы, жаратылышы, айтор, жайгашкан жери да керемет. Дегеним, башкалардыкындай дайыма суук же төрт мезгил ысык эмес. Анан да океандын түбүндө жайгашпаганыбызга да шүгүр деп кетем. Мына эми АКШны суу каптап элин кууратып жатат. "Ирма" бороону Флоридага жетип 3,3 миллион жашоочуну электр жарыксыз калтырыптыр.

Кыргызстандын жаратылышына суктангандар көп. Таиланддык дизайнер жана кинематографист Пит Рожвунгсурия өлкөбүз тууралуу керемет видеоролик тартып, анысын да "Кыргызстанда жашагыла" деп атаган.

Кыргызстандагы эң бойлуу адам менен Асель Минбаева баарлашты. Көрсө анын боюнун узундугу эки метр 25 сантиметр экен. Кандай адам болду экен деп кызыгып жатсаңыз маекке назар салыңыз.

Кыргыздын сулуу мушкер кызы. Бул кызды бир көргөндө мушкер деп ойлобойсуң. Шыңга бойлуу 22 жаштагы Барчынай Узгенбаева сентябрь айынын башында Астана шаарында өткөн грэпплинг боюнча Азия биринчилигинде чемпион аталган. Кабарчыбыз Гүлдана Талантбекова спортчу кыз менен баарлашып, анын кандайча мушкер болуп калганын сурап көрдү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.60 (сатып алуу) жана 68.88 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Колдо бар алтындын баркын биле жүрөлү!

Жагымдуу күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Белгилер:
валюта, сагыныч, аба ырайы, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ