20:49 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Бишкек шаарынын Чүй проспекти. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Ала-Тоонун балдары аман болсун

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
26 0 0

Кутман таң! Таң ырыскысы баарыбызга тегиз жетсин!

Мектепте окуп жүргөндө чүкө атып, спорт залдан башыбыз чыкпай волейбол ойноп, сабакка кечигип же кирбей коюп мугалимдерден көп тил укчубуз. Ошентсе да биз спорттук оюндарды ойнойт элек да. Ал эми бул балдарды карасаңыз бири-бирин ур-тепкиге алып жатышат. Бул оюнбу же же зулумдукпу, түшүнбөйсүң. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
КРдин эң кымбат футболчусу бир буту жок Азис менен топ ойноду

Андан көрө бир буту жок Азисти карашса болмок. Башкалар бири-бирин тепкилеп жүргөндө ал Кыргызстандын эң кымбат футболчусу менен топ ойноп койду.

Бул да аз деп жатса Россияда ТНТ каналынан телешоусуна катышып Олга Бузованы таң калтырган эгиз балдарды карап үлгү алышсын. Болгон талантын ушундай нерселерге көргөзсө дейли.

Жогорудагы балдардын видеосу интернет айдыңына чыкпаса эч ким билбей калмак. Бизди жипсиз байлап алган социалдык тармактарда эмне кызыктар болуп жатканын бул жерден көрүңүз.

Эттенген актер, акценттен арылган Элдар. "Саякбай" тасмасы жөнүндө 7 факты менен таанышып алыңыз. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен жана эскерүүлөрүнөн турат. 

Ал эми СССРдин тушунда дүңгүрөгөн тасмаларды жараткан Төлөмүш Океев тирүү болгондо 82 жашка чыкмак. Режиссер тууралуу фактыларды сунуштайбыз

Дүйнө жүзүндө болуп өткөн кызыктуу окуяларды сиздин алаканызыга салып бердик. Сизге жөн эле көрүп коюш эле калды.

Бүгүн күн салкын болот. Айрым жерлерде жаан жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.65 (сатып алуу) жана 68.70 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өнөрүң болсо өргө чап.

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Белгилер:
Бурадар, кино өнөр, валюта, Мунай

ЭҢ МААНИЛҮҮ