Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кучакташкан ажолор, чачташкан келиндер

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке
Здание Правительства Кыргызской Республики в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң! Кыргыз-өзбек өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамиле бекемделип жатканы эки элди тең кубандырды окшойт. Ар дайым эле ажолорубуз кас болбой дос болуп, элдин ынтымагын, мамлекеттин келечегин ойлоп жүрө беришсин дейли.

Ошентип кечээ түштөн ооп калганда өлкөгө Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиеёв биринчи жолу мамлекеттик иш сапары менен келди. Өзбек ажосун аялы менен аэропорттон мамлекет башчы жубайы экөө тосуп алды. Өзбекстандын биринчи айымы бул жолу да көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок. Ага суктангандар көп болду көрүнөт, соцтармактарда талкуулап эле жатып калышты. 

Эки өлкө башчылары эң алгач эле чек ара маселеси тууралуу сүйлөшүп, Атамбаев чек аранын 85 пайызы боюнча келишимге кол коюлганын журналисттерге айтты. Ал эми Мирзиеёв Атамбаевди Өзбекстанга чакырды.

Алган билимин эми иш жүзүндө көрсөтсүн. Премьер-министр Сапар Исаков өзүнө жаңы кеңешчилерди дайындады. Алардын бири Талант Султанов Гарвард университетин кесиптик билим берүү программасы боюнча аяктаса, дагы бир кеңешчиси Эсенкул Момункулов Германиядагы Гейдельберг университетинен окуптур. Алган билимдери го шумдук экен, аны эми иш жүзүндө көрсөтүп өкмөт башчыга жакшы кеңешчи болсо болду. Анткени абройлуу окуу жайды бүткөндөр карапайым калктын жашоосун анча жакшы биле беришчү эмес эле…

Кыздар мушташса эле чачтан алышат. Кытайда унаа токтотуудан пикир келишпестик чыгып, эки келин балдарынын көзүнчө мушташып кетишкен. Аялдардын чачташканын көрө элек болсоңуз видеого көз жүгүртүңүз

© Фото / Марсель Шейшенов Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo
Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo - Sputnik Кыргызстан
Концепт упаковки для прохладительных напитков Bamboo

Кыргыз сыймыгы. Кыргыз дизайнери Марсель Шейшеновдун бамбуктун формасындагы суусундук банкасынын дизайны (Bamboo) Россияда болгон Fakestival фестивалында "Мыкты таңгак" номинациясында жеңишке жетишти.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.39 (сатып алуу) жана 68.69 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр көп болсун!

Аманчылык каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0