Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Текебаев менен Келдибеков ташыркадыбы?

Жазылуу
Кыргызстан негизи кызыктарга абдан бай. Күн сайын акылга келбеген түрдүү окуялар болуп турат.

Өзгөчө социалдык тармактарга чыккан айрым видео, фотолор күлбөс адамды күлдүрөт. Бир жума ичинде кыргыз тилдүү интернет айдыңда жарыяланган кызыктуу видео, сүрөттөрдү бул жактан көрсөңүздөр болот. Ии, деги койчу Астанада казак баурлардын оозун ачырган "Адем" бий тобу менен Атай Өмүрзаковдон тарта, Сапар Исаковду куттуктаган Стивен Сигалга чейин тамшаныңыздар.

Эми Кыргызстанда саясий окуяларсыз жашоо кызыксыз да. Айтайын дегеним, Боршайком президенттик шайлоого барам деген депутат Өмүрбек Текебаев менен Ахматбек Келдибековду президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартты. Чыныгы себеби кийин айтылат деп ишендиришти.

Мьянмадагы баш аламандык боюнча ар ким ар кандай жоромолдоп, билип-билбей түрдүү пикирлерди жазышууда. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган окуя тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар. Анан калса ал жактагы окуялар боюнча Кыргызстан дагы үн катты.

© AP Photo / Bernat ArmangueМьянманын мамлекеттик ЖМКларынын билдиргенине караганда, акыркы күндөрү Ракхайнда 400 адам каза тапты
Столкновения между силами безопасности и боевиками в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Мьянманын мамлекеттик ЖМКларынын билдиргенине караганда, акыркы күндөрү Ракхайнда 400 адам каза тапты

Кыргыз журтчулугун Мьянмадагы окуядан тышкары кечээ жакында берилген мамлекеттик сыйлыктар да дүрбөттү. Ырчысы да, ырчы эмеси да, базардагы сатуучу менен сатып алуучуга чейин кеп кылышты. Деги эле мамлекеттик наамдар кимге берилип, кимдер аны тандай турганын бул жактан окуңуздар.

Биз бул жакта сыйлык талашып жатканда Болливуддун ырчысы Кыргызстанга келип атайын тартып кеткен клибин жарыялады. Анча-мынча нерседен өйдө болуп, клипти бир көрүп бүгүнкү иш күнүңүздү көтөрүңкү маанай менен баштаңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.37 (сатып алуу) жана 68.66 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жолду баскан арбытат демекчи, алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн талыкпай эмгектенели. Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0