Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Буулуккан "булбулдун" үнү так катты...

Жазылуу
"Аш көп болсо каада көп" дегендей аптанын акыркы күндөрү Эгемендүүлүк, Курман Айт майрамдарына туш келип калып "кудай мындай бербестир" деп элибиз дагы төрт күн эс алды.

Жай мезгили, жай жашоо, эс алуу, түшкө чейин уктамай деген бүттү. Окуу жылы башталып бир байке айткандай, элдин баары "жылкы кайтарчудай" таң атпай саат 6да тура баштады. Алдыда президенттик шайлоо, биринин артынан бири тизилген той-аштар, айтор, кыргыз эли үчүн кызыктуу жашоо эми башталды окшойт.

"Аш көп болсо каада көп" дегендей аптанын акыркы күндөрү Эгемендүүлүк, Курман Айт майрамдарына туш келип калып "кудай мындай бербестир" деп элибиз дагы төрт күн эс алды. Жай мезгили, жай жашоо, эс алуу, түшкө чейин уктамай деген бүттү. Окуу жылы башталып бир байке айткандай, элдин баары "жылкы кайтарчудай" таң атпай саат 6да тура баштады. Алдыда президенттик шайлоо, биринин артынан бири тизилген той-аштар, айтор, кыргыз эли үчүн кызыктуу жашоо эми башталды окшойт.

Эс алуу учурундагы төрт күн ичиндеги маанилүү маалыматтарга токтолсок. 

Эгемендүүлүктү, буюрса, жакшы белгиледик. Адаттагыдай "Ала-Тоо" аянтында майрамдын расмий бөлүгү өтүп, ажобуз журтубузду куттуктады. Ал эми кечинде эгемендиктин 26 жылдыгынын урматына борбордук аянтта майрамдык чоң концерт болуп, майрамдык салют атылды

Буулуккан "булбул". Бирок майрам күнү кыргыз элинде, анын ичинде чыгармачыл чөйрөдө чоң жоготуу болду. "Булбулумду" созгон Элмира Кайып кызы бул дүйнө менен кош айтышып, жакындарын, күйөрман, санаалаштарын сыздатып кете берди… Көпчүлүгү жаман кабарга ишенгилери келбей соцтармактарда улам-улам маалыматты тактап сурап жатышты. Ажалга айла жок экен… Адамдын алсыздыгын ушундан билсе болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Айт-намаз на старой площади Бишкека

Борбордук аянтта эгемендүүлүк майрамы белгиленсе, эртеси эле Курман Айт майрамына туш келип эски аянтта Айт намазы окулду. Борбор калаанын тургундары жана коноктору намаз окуу үчүн таңкы саат 6.00дөн тарта эски аянтка чогула баштап, ага бийлик өкүлдөрүнөн президенттин кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты.

Ал эми жаңы шайланган премьер-министрибиз Сапар Исаков Айт намазын Ош шаарынан окуду. Баса, былтыр Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келген Голливуд жылдызы, актер Стивен Сигал Исаковду өкмөт башчы болушу менен куттуктап, аябай кубанып жатканын айтыптыр.

Удаа келген майрамдар. Жылдагыдай 1-сентябрь Билим майрамы дем алышка карабай белгиленди. Мектеп босогосун жаңы аттап жаткан бөбөктөр бажырайган гүлүн көтөрүп жашоосундагы маанилүү күндөрүнүн бирин баштады. Ал эми окуу жылына карата айрым жерлерде жаңы мектептер ачылып, көпчүлүктү кубандырды.

Жол кырсыкка кабылган генерал. Генерал Абдыгул Чотбаев жол кырсыгына кабылып, андан эки адам каза болуп, алты адам жарадар болгон.

Казак менен индустар мушташып… Астанада казакстандык жана индиялык 30 жумушчу ортосунда массалык мушташ чыгып, тынч жаткан калаа тургундарын бир топ дүрбөлөңгө салган. Улут аралык араздашуунун аягы жакшылыкка алып келбейт. Андыктан дүйнөдө тынчтык эле болсунчу!

Аба ырайы. Бүгүн өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын болушу күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.43 (сатып алуу) жана 68.73 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшылыктар көп болсун!

Жалпыңыздарга жагымдуу күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0