Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Колдогондун ордуна кодулагандар саткын эмеспи?

Жазылуу
Жайдын акыркы жумасы жемиштүү болсун.

© REUTERS / Mark J. RebilasБоксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором
Боксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором - Sputnik Кыргызстан
Боксерский поединок между Флойдом Мэйуэзером и Конором Макгрегором

Маанай "жүн пайпак". Ооба, ошондой! Мен ишенген Конор Макгрегор 10-раундда утулса, биздин алгырлар Астанада өткөн көк бөрү боюнча биринчиликтин финалында казактарга жеңилип калды. Ичим ачышты, тимеле өрттөндү! Бирок мен булар үчүн күйөрмандык кылууну улантам. Ал эле эмес, ызасын тең бөлүшүп, кубаттайм. Ити чөп жеп, өкчөгөн чүкөсү айкүр түшүп турганда айга теңеп, алдан тайганда жамандап тургандар аман эле болгула! Куурай башын сындырбай туруп, жылуу жумшак диванда жатып алып жумурткадан кыр издебей, келгиле мыкты күйөрман, чыныгы патриот экендигибизди ырастайлы. Конор кашык каны калганча кармашып, алынын келишинче алышты. Ал эми биздин улакчылар саткын эмес! Жеңилүү жагымсыз. Бирок жыгылгандарды жемелөө эки эсе жаман эмеспи.

© Sputnik / Алия СамидинЧемпионат мира по кокпару в Казахстане
Чемпионат мира по кокпару в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Чемпионат мира по кокпару в Казахстане

Ушуну менен жашоо токтоп калбайт. Буюрса көчө футболу боюнча дүйнө биринчилигине жөнөп кеткен кыздарыбыз ийгилик менен кайтат деп үмүт кылып туралы.

Ага чейин Румынияда баш байгени утуп келген Мыктыбек Нурланбековдун жеңишин майлай берсек болот.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.65 (сатып алуу) жана 68.75 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жеңилүүнүн даамын татпаган жеңиштин шириндигин сезбейт.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0