Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15 Аялга айланып, көздөн жаш мөлт-мөлт акканда...

Жазылуу
Көз ачып жумганча жума күнү дагы келип жетти. Жемиштүү күн болсун.

"Исмаил! Тамак жасай калчы! Апамдар келет да бүгүн. Үйдү жыйнап, балконду иретке келтиргенди дагы унутпа. Мен кыздар менен мончого барып келе калайын. Алтыным го…" — деген бойдон келинчегим ак жоолугун салынып шаша-буша үйдөн чыгып кетти. Мен тердеп-кургап идиш жууп, үй жыйнап жүрөм. Аңгыча сабиз аарчый калып, балконду иреттегенге жетишпей кыйналып жатам. Үч-төрт сааттан кийин келинчегим келип диванга чалкалап жатты да, ары жакта турган пультту алып телевизорду койду. "Тамак быштыбы?" деп кыйкырды эл, мен шашкалактап "азыр алтыным, демдеп койдум" деген бойдон помидор алып келүү үчүн дүкөнгө жүгүрдүм. Дикилдеп келип, салат жасадым дагы жаңы эле даяр болгон ашты газдан алдым. Аңгыча кайненем келип калды эле дасторконду салдым да, ага түрлүү нерселерди кое баштадым. Келинчегим апасы экөөсү кобурашып, айыл-апаны сурашып отурат. Мен болсо бутум-бутума тийбей чуркап, бар тапкандын баарын дасторконго коюу менен алекмин. Бир оокумда ашты алып келип, "мына эми, мени мактасынчы" деп отурсам чай түгөнүп калыптыр. Чай демдеп келгенче кайненем тамактан ооз тийип эле "Жол жүрүп чарчадым. Жатып эс алайынчы" деп бата тартып жатат. Жиним келген бойдон кайрадан баарын жыйнап, көздөн жаштар мөлт-мөлт агып идиш-аяк жууп отурган жерден чочуп ойгонуп кеттим.

Эртеден бери жүрөгүм оозума батпай, азырга чейин өзүмө келе албай отурам. Эгерде аял болуп жаралып калсам… Ух, элестеткенден корком!

Ааламга түркүк болуп, жашоого жарык нур берген айымдарга таазим кылуу менен кечээки күнгө назар салабыз.

Күндүн башкы жаңылыктарынын бири өкмөттүн жаңы курамы болду. Ага ылайык, бир топ атка минерлер ээрден шыпырылса, башкалардын ити чөп жегени туру.

Бийликтеги орун алмашуулар жөн жерден болгон жок. Мунун баары күздөгү шайлоого даярдык эмеспи. Ушул тапта бир гана бийлик эмес, жигердүү жаштар дагы добуш сатпоого үндөп, аракетин азыртан көрө баштады.

Аракетке берекет эмеспи, маңдай тер мээнет менен улакчыларыбыз Астанада өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде мыктылыгын көрсөтүүдө

Биздин алгырларыбыздын аттары дагы мыкты экен. Жаныбарларыбызга көз тийбесин.

Деги эле Кыргызстандын тоолорун керемет жаныбарлар байырлайт эмеспи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековРеабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево
Реабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево - Sputnik Кыргызстан
Реабилитационный центр для диких животных в горах близ села Ананьево

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.50 (сатып алуу) жана 68.60 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жашоонун ар тепкичин кумдан курап,

Ааламды аялзаты кармап турат.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0