Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Улакчылар аттандаштырынын көк парын чыгарганда

Жазылуу
Күн менен кошо маанайыңыз дагы ачык деген тилек менен өткөн күнгө саресеп салабыз.

Кечээги күн жаңылыкка жык болуп, бирде жакшы жаңылык чыкса, кээде көңүл ооруткан маалыматтар келип жатты. Анда ошол жаңылыктарды барактайбыз. 

Кыргыз улакчылары Астанада өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде өзбекстандыктарды 11:2 эсебинде утуп жеңишке жетишти. Буга чейинки така чырынан улам кыргыз балбандары ачууланып калганбы, айтор, мыкты оюн көрсөтүштү.

Биздин баатырлардын оюндан кийинки маанайын көргүңүз келсе бул жакка баш багыңыз.

Баса, КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков эмне себептен КТРК Астанада өтүп жаткан көк бөрү биринчилигин көрсөтпөй жатканын түшүндүрдү.

Улуттук канал көк бөрүнү көрсөтпөсө да, эл аралык мүнүшкөрлөр форумун тартууга жарап калаар деп тилеп туралы. 

Кечээги күн саясий окуялар менен да коштолуп, Абулгазиев өкмөттү убактылуу жетектемей болду.

Ал эми парламент жаңы өкмөттү шайлоо үчүн 25-сентябрь күнү чогулат.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.60 (сатып алуу) жана 68.65 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кечээгини унутпай, эртеңкини пландап бүгүнкү күн менен жашайлы.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0