Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жашоонун кереметин сездирген селкилер...

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызского авиационного колледжа им. И. Абдраимова в Бишкеке
Здание Кыргызского авиационного колледжа им. И. Абдраимова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы апта, жаңы күн жемиштүү болсун.

Кыргыздар илгертен жоокер калк болуп, өмүрүнүн көбүн ат үстүндө өткөргөн. Ошондон улам "Кайың барбы, кыргыз балта чаппаган, айдың барбы кыргыз сөөгү жатпаган" деп убагында ырлар таш бетине жазылган. Жоокерлик өнөр канда бар эмеспи, кыргыздардын эрежесиз эр урушта ийгилик жаратышы дагы жөн жерден эмес болсо керек. Майтарылбас эрк жана кара күч менен атаандаштарынын таш талканын чыгарган мушкерлерибиз Чолпон-Ата шаарында өткөн "Көчмөндөрдүн кармашы" турниринде ийгиликке жетишти

Буга чейин ушуга окшогон турнирлерде каршылаштарын жер таптаткан кыргыз кыздары дагы көпчүлүктү таң калтырып келет. Алардын бири Бегимжан Касымова. Мушкер кызыбыз тууралуу кененирээк маалыматты бул жактан окуй аласыздар.

Кыргыздын кыйын кыздары ушуну менен гана чектелбей, сентябрь айында мотоцикл айдап жарышууга камынууда. Андыктан мотоцикл айдап шамал менен жарыша бараткан кыздарды көрүп калсаңыз таң калбаңыз. 

Башка улуттун жигиттери кыргыз кыздары рингде урушуп, мото менен жарышат дегенди угуп алып чочуп жүрбөсүн. Биздин ай чырайларыбыз палоону катыра басып, кыялындагы жигитке турмушка чыгууну жакшы билет. Деги эле биздин кыздар сулуу жана жылдыздуу. Маанай түшүп турганда сулуу кыздарыбызды бир карап алсаң, армандын баарын унутуп, жашоонун кереметин сезесиң.

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.70 (сатып алуу) жана 68.80 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кыргыздын кыйын кыздары кылымдарга жашасын.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0