Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Темир тордогу Текебаев тест тапшырганда

Жазылуу
Ошентип жума күнүнө дагы жетип келдик. Буюрса алдыда эки күндүк эс алуу.

Кимге кандай билбейм бирок мага аба ырайы абдан жагып жатат. Айрымдар жай аптаптуу болгону эле жакшы деши мүмкүн, бирок салкын болгону дурус эле экен. Анткени өткөндө эки-үч күн катуу ысыкта кирерге жер таппай калдык эле. Учурда болсо салкын жел жүрүп, ошол эле учурда күн ачылып турат. Негизи ушундай жай баракат турмушта, тынчтык менен өмүр сүрүүгө не жетсин. Жараткандын ушул улуу белегине каниет кылып, өткөн күнгө саресеп салабыз. 

© AP Photo / Oriol DuranМикроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне
Микроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Микроавтобус въехал в толпу людей в Барселоне

Жогоруда тынчтык туураалуу сөз жөн жерден болгон жок. Кечээ күнү Барселонада теракт болуп, акыркы маалыматтар боюнча 13 адам каза болду. Күч түзүмдөрүнүн билдиришинче кичи автобус элди тебелеп кеткен. Албетте мындайды күтпөгөн жай тургундар заматта ызы-чууга түшүп, айрымдарын шум ажал алып кете берди

Каза болгондордун жакындарына сабыр тилеп, кайгысын тең бөлүшөбүз. Саясат, шайлоо деп гана жүрө бербей, жашоонун баркын, баасын билсек. Саясатчылар өз оюндарын элден алысыраак ойносо. Кечээ айткандай эле саясий шоунун кийинки сериясы уланып, Өмүрбек Текебаев ажолукка аттануу үчүн кыргыз тилден тестти ийгиликтүү тапшырды. Эртең урушкандар жарашып, ортодо карапайым калк эле кала бериши толук мүмкүн. Андыктан алардын саясий шоулорунда "массовка" болуп убакытты, нервди кетирбей өз арбайыбызды соголу.

Бийликтегилер кызматка келген соң эл үчүн иштесин. Журт үчүн кызмат кылуу алардын милдети. Андыктан мөндүрдөн жабыркагандарга жардам берип, кошуна Өзбекстан менен мамилени чыңдашы керек.

Бүгүн өлкө аймагында салкын аба ырайы сакталат.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.70 (сатып алуу) жана 68.85 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эл саясатчылар үчүн эмес, саясатчылар эл үчүн иштесин!

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0