Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Саясий шоунун кийинки сериясын күтөлү...

© Sputnik / Акылбек Батырбеков / Медиабанкка өтүүФлаг КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке. Архивное фото
Флаг КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембинин таңы да атып, апта ортолоп калды

Учурда кайсы жакка барбайлы башкы тема Текебаевдин соттолушу болуп жатат. Айрымдар аны жактаса, башкалар сындоодо. Ал эми сот болсо Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратты. Маселе ушуну менен чектелип калбай турганы анык. Анткени алдыда Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот турат.

Байкап көрсөк саясий элитаны ээрчип эл деле шайлоо анан соттук териштирүү менен алек. Экономика, кышка даярдык деген маселелер экинчи планга жылгандай. Ушул саясий шоуларды, өз ара мамиле аныктоолорду токтотуп өлкөнүн экономикасын ойлосок дурус болот беле деген ой.

Кыштын камын жазда көрбөсөк, свет, газ өчүп кыйналабыз. Ага чейин коңшулар менен мамилени жакшыртып, Өзбекстандын өкмөт бышчысы өлкөбүзгө келип жаткан да жылуу тосуп, жакшы узаталы. 

Экономикабызды бекемдеп, улуттук спорттун түрлөрүн анын ичинде көк бөрүнү өнүктүрсөк жакшы болмок. Манас Ниязов сыяктуу улакчыларды улуттук курамадан чыгаргандын ордуна, алаканга салып колдоп турсак гана. Ошондо биздин спортчулар эл аралык мелдештерде байгелерди багындырат.

Башкысы 70 жылдан бери бирге жашаган Бейшебай ата менен Аписа ападай бактылуу болуп, 50гө чукул небере-чөбөрөлөрдү тарбиялоо баарыбызга буюрсун. 

Бүгүн өлкө аймагында күн себелейт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.80 (сатып алуу) жана 68.85 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ден соолук менен эркиндиктин баркын биле жүрөлү.

Амандыгыңызды тилеп Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0