Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Секелек кызды үйүнөн ажыратып ыйлаткан ким?

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность муниципального предприятия "Тазалык"
Деятельность муниципального предприятия Тазалык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн дагы мынтип таңды ырыскысы менен тосуп өз ишибизге кириштик. Ийгиликтер коштосун!

Алдыда күркүрөгөн күз келе жатат. Топураган тойлордун аягы тыйылбай, кечинде тойго барып, күндүзү жумушка келип эс алмай башталат го. Баса, бул күздө той эле эмес, бүт өлкөнү дүрбөткөн президенттик шайлоо да күтүп турат. Анын шылтоосу менен тааныбаган жердештер табылып, күтпөгөн достор чыга баштады. Кайнаса каны кошулбайт деген адамдар төш тийгизе кучакташа калышат. Ошол эле учурда оту күйүшпөй калган саясатчылар да четтен чыгат.

Балким бул да шайлоонун алдында жасалган иш же жөн гана дал келүү… Эмнеси болсо жакшы жаңылык экен. Бишкек шаарынын бир катары жаңы конуштарын цивилизацияга жакындатып көгүлтүр от менен камсыздайбыз деп жатышат

Ал эми тээ эзелтен муундан-муунга өтүп келген улуу өнөрдү аздектеп жүргөн бүгүнкү күндүн жаш манасчылары менен бул жерден таанышыңыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков13-летняя Айчурок Сулайманова
13-летняя Айчурок Сулайманова - Sputnik Кыргызстан
13-летняя Айчурок Сулайманова

Базарда желим баштык терип, үй-бүлөсүн баккан Айчүрөк эсиңердеби? Анда анын окуясы бактылуу бүткөн кинодой болуп, майып энеси менен жылуу-жумшак үйгө киргенине баарыбыз сүйүнгөнбүз. Көрсө, таалайлуу күндөр көпкө созулбаптар. Айчүрөк жыл айланбай кайра иштөөгө мажбур болуп, атургай үй-бүлө азыр көчөдө калуу коркунучунда экен. Алар жашаган үйдүн ижара акысын төлөп келген кайрымдуулук фонд колдоо көрсөтүүдөн баш тартты.

Кимдин башы канчага бааланат? "Эрдин башы элүү жылкы, бийдин башы жүз жылкы". Кун тууралуу эмнелерди билебиз?

Бүгүн алыс жол жүрсөңүз кол чатыр ала чыгыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.60 (сатып алуу) жана 68.92 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Башыңарга баш кошулсун!

Жакшы маанай каалап Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0