Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жай, кетпей турчу, тоё элекмин сага...

© Sputnik / Табылды КадырбековВид на площадь Ала-Тоо в Бишкеке
Вид на площадь Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмнегедир мага быйылкы жай болуп көрбөгөндөй бат өтүп бара жаткандай сезилүүдө. А мен эс алууга дагы чыга элекмин.

Өзгөчө Ысык-Көлгө мөндүр жаап салганына нааразы болдум. Пляждардын бирине мөндүр жаап салган видеону WhatsApp-каналы аркылуу окурманыбыз жибериптир. Көрсөңүз тим эле кыштын күнкүдөй, жээк аппапак. 

Мен көлгө мөндүр түшкөнүнө наалып жаткан кезде, Индияда бир пилди атып салышыптыр. Эмнеге дебейсизби, 15тей адамды тебелеп өлтүрдү деп. Жаныбардан арылууну көздөгөн эл аны атып өлтүрүүгө Наваб Сафат Али Кхан аттуу мергенчиге уруксат беришиптир. 

Ата-энени сагынуу. КРдин Эл артисти, оркестр-адам Курмангазы Азыкбаев кичи мекенине кат жазып, санжыра уккан учурларын, Оштун пахта териминен Нарынга кантип качып келгенин эстеди. Катта айылга, балалыкка жана музыкага богон сүйүүдөн тышкары, ата-эненин бала үчүн ыйыктыгы даңазаланды. 

Өз атасына болгон сүйүүсүн кечээ Алия Шагиева дагы билдирди. Атасына арнап тарткан видеону ал өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү.

Кесиптик майрам. Баса, кечээ Кыргызстандын куруучулары кесиптик майрамын белгилешти. Майрам майрамы менен, бирок куруучулар жабыр тарткан, ал тургай өмүрү менен кош айтышкан окуялар аз эмес болгондуктан Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын эмгек коопсуздугу тууралуу билип көрдү.

Маалыматка караганда, 2015-16-жылдары 14 кырсык болуп, анын ичинен сегиз адам каза тапса, ал эми быйылкы жылдын алты айында эки кырсык болуптур.

Sputnik агенттиги дем алыш сайын ар кайсы кесип ээлеринин кыжырын келтирген кардарлар жана окуялар тууралуу жазат. Бул жолу дарыкана кызматкеринин ачуусуна тийген 5 учурду билип көрдү.

Мегандын чакырыгы. Бүгүнкү "Бурадарыбызды" жагымдуу кабар менен аяктайын. Голивуддун белгилүү жана айчырайлуу актрисасы Меган Фокс өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу Save snow leopards (Ак илбирсти сактагыла) петициясына кол коюуга чакырды. Эске салсак, 23-25-август күндөрү Бишкек шаарында ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык ири форум өтөт. Ага ак илбирс мекендеген 12 мамлекеттин жетекчилери келери күтүлүүдө. Мурдараак Голливуддун дагы бир актеру Леонардо Ди Каприо ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык форумга чогула турган 12 мамлекеттин башчыларын Save snow leopards (Ак илбирсти сактагыла) петициясына кол коюуга чакырган.

Бүгүн өлкө боюнча күн ачык, жаан жаабайт. Ысык-Көлгө барууну көздөгөндөр эч нерсени ойлонбой эле койсо болот. Көл жээгинде аба ырайы 27 градуска жетет.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.90 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Аба ырайынын өзгөрүшү жүрөктөгү жылуулукка таасир этпесин!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева

Жаңылыктар түрмөгү
0