Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Оштон чыккан "Витас", мүйүздүү автоунаа

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобиль участник тура "Ралли в Монголию"
Автомобиль участник тура Ралли в Монголию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агарып аткан таң ар бирибизге жылуу маанай тартуулоо менен башталсын!

Адам ойлоп таппаган нерсе жок. Жакын арада асмандагы "Айды" деле алып түшкөнү калдык окшойт. Дегеним, кечээ Бишкекке өзгөчө мүйүзү бар, саксагай унаа келип, анын артынан түшө видео, сүрөткө эле тарткан кишилер. Эмне болгон унаа, кайдан, ким айдап келди болду экен деген суроолор жаралып жатса, толук маалыматты бул жактан окуп алыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекке мүйүзү бар саксагай автоунаа келди
Автомобиль участник тура Ралли в Монголию - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке мүйүзү бар саксагай автоунаа келди

Калаага бир күнгө эле келген унаа бүгүн кетти. Ал эми шаарда жөнөкөй унаа жыбырайт. Ар биринин темир тулпары болгону жакшы, бирок жол кырсыгы азайса андан да сонун болмок. Эс алам дегендер Көлгө агылып, жол кырсыктары да ошол тарапта көп катталууда. Кечээ дагы Ысык-Көл облусундагы Барбулак айылында жол кырсыгы катталып, алдын ала маалымат боюнча эки адам мүрт кетиптир.

Арча-Бешикте жаш кыздын өмүрүн алган авариянын күнөөкөрү аныкталды. Байкуш кыздын апасы да былтыр рак оорусунан көз жумуптур. Жыл айлана электе бул үй-бүлөгө кайра каран күн түшүп, кан жутуп отурушат. Ойлонуп, шашпай айдабаган айдоочу эми колу менен жасаганды, мойну менен тартсын

Өнөрүң болсо өргө чап. Кыргызстанда көрсө орус ырчысы Витастан кем калбаган жаш таланттуу бала бар экен. Ал — Ош шаарындагы орто мектепте билим алган 13 жаштагы Шамил Кыязов. Дал ушул талантуу жигитти аймактык кабарчыбыз таап, анын талантына күбө болгончо, бала тууралуу бир топ маалыматтарды топтоптур.

Жайдын илеби кете элек. Кечээ кичине күн бүркөлүп жаан жаайын деди эле, түн ичинде катуу шамал болуп кайра күндү чайыттай кылып ачып койду. Ысып, сууга бир чумкуп алсам деген ниет болсо, анда дароо бул жактагы сүрөт ирмемине көңүл буруңуз. Анткени бул материалда Бишкекте сууга бекер түшө турган жерлер сүрөттөрү менен бар.

Быйыл окуу китептер жаңыланып, программалар өзгөртүлөт экен. Эмне себептен? Мурдагы программа менен азыркы окуу программасы эмнеси менен айырмаланат. Кабарчыбыз Мирбек Сакенов маселенин күңгөй-тескейин иликтеп көрдү

Баса, кечээ БШК Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилден экзамен тапшыруусуна бөгөт койгон. Бүгүн анын соту болуп, акыркы чечим чыгарылат.

Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.92 (сатып алуу) жана 69.20 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы күндөр жана айланабызда жакшы адамдар көп болсун!

Ачык асман каалап, Таалайгүл Усенбаева

Жаңылыктар түрмөгү
0