03:41 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Ала-Тоо аянты. Архивдик сүрөт

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жаш кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү...

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
108 0 0

Кутман таң! Кырсык каш-кабактын ортосунда демекчи азыр унаа айдагандан, жол чийинден өткөндөн, ал тургай автобус, маршруткага түшкөндөн коркуп калдык го.

Жаш кыздын өлүмүнө ким күнөөлүү. Кечээ эле Бишкектеги Түштүк магистралда жүргүнчү ташыган маршрутка менен Volkswagen Transporter кагышып, анын кесепетинен 19 жаштагы кыз каза болду. Байкуш кыз, ай… 

© Sputnik / Максат Элебесов
"Арча-Бешиктеги" кандуу кырсык. Унаа менен маршрутканын кагышкан видеосу

Дал ушул кырсыктын видеосун бул жактан көрүп күнөө кайсы тарапта экенин өзүңөр байкап, баамдап көргүлө.

Маршрутканын катыштыгы бар кырсык биринчи же экинчи жолу катталып жаткан жок. Кабарчыбыз Расул Үсөналиев жыл башынан бери маршруткалар менен кагышкан жол кырсыктарын эсептеп көрсө 10го жетиптир. Бул сегиз ай ичиндеги эле көрсөткүч… 

© Sputnik / Сергей Аладьев
Ай тутулган түн Бишкектин асманынан кандай көрүндү. Видео

Мурдагы күнү ай тутулду. Учурдан пайдаланып Sputnik агенттиги бул ирмемди атайын сүрөткө жана видеого тартып алган. Көрбөй калдым деп кайгырып отурсаңыз видеого назар салыңыз

Кыргыздын сыймыктуу кызы. "Акак" комузчулар ансамблинин таланттуу, жылдыздуу комузчусу Чолпон Мелисбекова студиябызга келип кызыктуу маек куруп кетти. Өзгөчө өнөр ээси кыргыз күүлөрүн гана катыра чертпестен, чет элдик хит ырларды да комузда ойноп коет

Баса, окуу жылы жакындап калды. Буга байланыштуу Билим берүү министрилиги окуучулар быйыл кандай форма киерин айтты. Ата-энелер эми базар, дүкөндөрдү түрө кыдырып баштайт экен да.

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаашы күтүлөт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.26 (сатып алуу) жана 69.54 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Сактыкта кордук жок!

Жемиштүү күн каалап, Таалайгүл Усенбаева

Белгилер:
валюта, аба ырайы, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ