Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таң калтырып, оозду ачырган 5 окуя

Жазылуу
Агарып аткан ар бир таңыбыз жагымдуу маанай, жакшы сөз менен башталсын!

Кечээ күн ар тараптуу, кызыктуу, таң калычтуу, пайдалуу, ал тургай, кыжырга тийген жаңылыктарга бай болду.

Алардын ичинен көбүнүн жүрөгүн айлантып, бир чети таң калтырган кабарчыбыз Максат Элебесов жасаган материал болду. Анда борбор калаада көп кабаттуу үйдүн биринде жашаган кемпир батирине 7 жыл бою иттерди багып жүргөн. Бир эле ит болсо да макул, 14 күчүк. Коңшуларына тынчтык бербегени аз келгенсип, ал жактан чыккан жагымсыз жыттын айынан айрымдары өз үйлөрүндө жашабай калышкан.

Дал ушул иттерди күч органдары менен "Тазалык" ишканасы кемпирдин үйүнөн алып чыгып өлтүрүп таштандыга ыргытышкан. Күчүктөр эмне себептен өлтүрүлгөнүн "Тазалык" ишканасынын директору Рыспек Сарпашев түшүндүрүп берди. 

Түркияда унаа багажнигинен табылган кыргыз кызы. Түркия менен Грузиянын чек арасындагы Артвин аймагындагы Сарп чек ара көзөмөл пунктунан машинанын багажына жашынып бара жаткан 28 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Бирок кийинчерээк КР ТИМи ал аял адам сатуу аракетинин курмандыгы эмес экендигин түшүндүрүп, окуянын чоо-жайын айтып берди. 

Кээ бир кыздардын амалына таң бересиң. Москвада кыргызстандык кыз турмушка чыкпаш үчүн өзүн акылдан айныган адамдай кылып көрсөткөн. Аялдан амал качып кутулбайт деген нерсеге ушундай окуяларды көрүп, угуп ынанасың да анан. 

Ал эми пайдалуу материал мен үчүн жөлөк пулдар тууралуу жазылган макала болду. Анда төрөт үчүн канча төлөнөрү жана жумушсуздук жөлөк пулунун көлөмү тууралуу жазылган.

Ботаникалык бакка кытайлардын ветеринардык лаборотория кура турганы көпчүлүктүн жинин кашайтып, кыжырга тийген жаңылык болду окшойт. Башка жер калбай калгансып эмне себептен дал ушул жерге лаборотория курулганы жатат? Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушул суроого жооп издеп көрдү. 

Көл жээгиндеги мөндүр. Facebook тармагынын колдонуучусу Айнура Толонбай Чок-Тал айылына катуу жааган мөндүрдүн сүрөтү менен видеосун жарыялаган.

Көлгө мөндүр жааса, шаардагылар жамгыр көргөнгө зар. Бирок кайгырбагыла, анткени өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт, анын ичинде Бишкекте дагы. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.19 (сатып алуу) жана 69.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көңүл — гүл, аны соолутуп, сындырып албайлы!

Салкын аба ырайында ысык маанай каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0