Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Эс алууга кеткен ажо, сыноодон өткөн талапкерлер

Жазылуу
Арбаңыздар! Тирүүлүктө өмүр улана берет. Эч кимибиз көңүлдөрдү калтырбайлы!

Атаганат, тирүүлүктө айрым адамдардын жасап жаткан кылыгын көрүп жакаңды кармайсың. Анткени алар бул жашоодо түбөлүктүү жашай тургансып тытынып, байлык, мансап, бийлик үчүн адамкерчилик деген сапатты эбак эле унутуп калышкан. Бирок баары эле алардын оюндагыдай боло бербейт. Анткени ак менен кара бирге жүрөт, байдын да кедейдин "бул күндөрү өтөт".

Азыр болсо кечээки күнгө саресеп салсак.

Улуулардын батасын алсаң кор болбойсуң. Ата-энебиз ар дайыма кулагыбызга "улуулардын батасын ал, бата деген жакшы болот" деп кумдай куят. Көрсө батанын чындап касиети күчтүү экен. Анан да улууларга каяша айтпай, аларга өзгөчө сый-урмат көрсөтсөк көпчүлүктүн иши оңолот. 

Баалуунун баркын кетирген жеткинчек. Жакында эле Ош шаарында бутуна ак калпакты кийип алып жер шилей баскан жаш баланын видеосу чыкты. Бул көрүнүштү көрүп мен ал баланы эмес, өсүп келе жаткан муунга туура тарбия бербеген ата-энесин, ошол эле видеого тартып жаткан адамды күнөөлөдүм. "Баш кийим ыйык, аны тебелемек тургай жерге таштаганга болбойт" деп ата-энеси ошол балага ооз ачты болду бекен, же видеого тарткан киши кечке карап отуруп же уруп-сокпой "балам бул баш кийим, аны эч качан тебелебеш керек" деп акырын алдап айтып койсо жаш баланын ошол өмүр бою эсинде калса керек эле.

Көөдөнү билимге суусаган жаштар көп болсун. Баарын жаман деп айта берүүгө болбойт. Жаңы өсүп келе жаткан муундун арасында жакшылары, мыктылары да толтура. Анткени алардын көөдөнү бош эмес. Арасына жаш алып баруучу Канышай Рысбекованы да кошсо болот. Келечекке койгон бийик максаты бар кыз менен кабарчыбыз маек курду.

Жакшы жаңылык көп болсун. Кыргызстандык бийчилер Түркияда өткөн "Altyn Mobilye" маданият жана искусство эл аралык фестивалында 3-орунга ээ болду. Өлкө атын алыска жакшы жагынан тааныткан жаштар көп болсун! 

© Фото / Айжан СейсембаеваМеждународный фестиваль "Altyn Mobilye" в Турции
Международный фестиваль Altyn Mobilye в Турции - Sputnik Кыргызстан
Международный фестиваль "Altyn Mobilye" в Турции

Ал ортодо ажобуз Алмазбек Атамбаев журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, отчетун берип коюп эс алууга кетти. Анын жумушка качан чыгары азырынча белгисиз. 

Ал эми президенттикке талапкерлер кыргыз тилинен экзамен тапшыра баштады. Камакта отурган Өмүрбек Текебаевдин болсо кыргыз тилинен экзамен берер-бербесин сот чечмей болду.

Бүгүн өлкөдө күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.52 (сатып алуу) жана 68.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Көөдөнүңөр сүйүүгө, билимге, ыйманга толтура болсун!

Көңүлдүү күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0