Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Кытайлардын намысына тийген кыргыз Марсель

© Sputnik / Табылды КадырбековСтатуя танцору и народному артисту СССР Чолпонбеку Базарбаеву
Статуя танцору и народному артисту СССР Чолпонбеку Базарбаеву - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып, жай турдуңузбу, замандаш? Бүгүн күнгө шаршемби.

Жайдын экинчи айы да жандай салайын деп калыптыр, ошентип июлдун акыркы аптасын кечирип жаткан чагыбыз.

Жай демекчи, аптап өзүнүн күчүндө, синоптиктер бүгүн Бишкек шаарында күндүн ысыктыгы 37 градуска жетерин айтышты. Ысыктын күчүн мындан билиңиз, ал тургай абасы салкын деген алыскы тоолуу Нарында +33 болот дешти

Бизде табигаттын ысыгы болуп жатса, кытайлардын намыстан температурасы көтөрүлүп, кыргыз дизайнерине эмне дээрин билбей турушат экен. Баарына биздин Марсель "күнөөлүү"

Кечээ биздин сайт бир укмуштарга бөлөндү да калды. Байыркы Баткендин кереметтүү жерлерин айтып, көрсөтүп бердик. Ал тургай кантип жетериңиз да баяндалган. Баткен бозоргон тоолор курчаган алыскы бир аймак эмес экенине ынанасыз. 

Бул андан да кызык, андан да укмуш! Баткендин арты менен мындан 110-115 жыл илгери Фергана өрөөнү менен Кыргызстан, Казакстан аймактарынан тартылган сүрөттөрдү кошо барактай кетиңиз. Бул түстүү сүрөттөр бир кылым мурдагы жашоону дал бүгүнкүдөй кылып көз алдыңызга алып келет экен.

Тарыхый сүрөттөрдү барактап жатып, сизди турмушубузга сиңип, жашообуздун бир бөлүгү болуп калган адат, салттарыбызга жетелеп кетебиз. Мурдубузду чүйрүмүш эткенибиз менен дилибиздин тээ түпкүрүндө таанып да, ынанып да турабыз. Тамырыңдан кетип кайда барасың, бурадар. Түлөө берүү, кудай кылуу деген сөздөр сизге таанышпы?..

Түлөө бербейт, бирок элесин эстеп ызаат кылышат. "Атаңгөрү, дагы көп иштерди жасайын дейм, бирок жетишпей калат окшойм" деген сөзү али эсте. Бишкекте Табылды Эгембердиевдин эстелиги орнотулат.

Эми азыркы күндөргө кайрылып келсек, паспорт алам, документтеримди бүтүрөм дегендерге бул майдай жагат. Жакпай анан. Мамкаттоо кызматынын жаш жетекчисинин сөзү ичти жылытты.

Өзүнүн шайыр-шаңдуулугу, тамашасы менен эч кимге окшошпогон, акылдуусунгандар ага өйдө жактан карап, "кызыктай" деп мамиле кылган бир киши бар. Аргендей обону, ичинде кири жок мүнөзү менен бизден башкача. Ал бүгүн элүү жашты жылоолоп туру

Июлду татыктуу узаткыңыз келип жатабы? Анда төмөнкүлөр сизге жакшы жардамчы. Эс алуу күндөрү барып, жакшы мааниде айтканда "эсиңиз ооп келсин", ээ?..

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.48 (сатып алуу) жана 68.81 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет…

Жакшы маанай, аманчылык тилеп Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0