Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15 Назира Айтбекова агынан жарылганда...

© Sputnik / Геннадий ЗакировТоо суусу. Архив
Тоо суусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жараткандын улуу жума күнү жемиштүү болсун.

Бейшемби күн жаңылыктарга бай болуп, бирде жакшы жаңылык чыкса, ага канатташ эле көңүл ооруткан маалыматтар чыгып жатты.

Алгач, таң атпай Таш-Көмүр шаарында сегиз адам каза болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат тарады. Анда үч унаа кагылышып, жыйынтыгында өлүмдөн сырткары бир нече адам жаракат алышкан. Көп узабай каза болгондордун бири беш жашар кыз экендиги аныкталды. 

Түш ченде кырсыктан кийинки видео жарыяланып, окуя эмнеден болгондугун милиция түшүндүрүп берди. Көрсө, баягы эле ашынган ылдамдык адам өмүрүнө себепкер болгон экен.

Жол кырсыктары ушуну менен гана чектелбей, Ош — Бишкек жолунда май ташуучу унаа оодарылса, Бишкекте жеңил автоунаа өрттөнүп кетти.

Бул жолкусунда бактыга жараша, адам өмүрү кыйылган жок. Жараткан сактанганды сактайт эмеспи. Андыктан жолдо анан сууга түшкөндө сак болуңуздар. 

Дагы бир көңүл ооруткан жаңылык алып баруучу Назира Айтбекова менен Искендер Шаршеевдин ажырашуусу болду. Жубайлар редакцияга баш багып, эмне үчүн эки ара жолго түшкөнүн айтып беришти.

Албетте, булар менен кошо эле жакшы кабарлар да айтылды. Аравандагы селден жабыркагандарга жер тилке бөлүнсө, Якутияда табылган алмазга Айтматовдун аты ыйгарылды.

Ал эми "Саякбай" тасмасы Монреалдагы эл аралык кинофестивалга жолдомо алды. 

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.30 (сатып алуу) жана 68.50 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.60 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 36.60 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Кырсык каш кабактын ортосунда.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0