Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Мен ойлонгуча эл сазда бизнес жасай баштады

© Фото / Могаммед Эльбанги Ажайып Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир күнүңүздү ийгилик коштоп, баскан изиңизден гүл өнсүн!

Негизги жумушу кайырчылык аталган лөлүлөр бири-бири менен урушканда айлыкка иштеп кал деп каргайт экен. Бул айлык алып жашасаң жаныңды бага албайсың дегенди түшүндүрөт. Мен дагы кыялымда бир канча бизнес пландарды түзүп койгом. Анын баары ишке аша турган болсо ханга салам бербей калсам керек.

"Ойчу ойлонгуча тобокелчи кыр ашат" дегендей мен ойду-кырды ойлонуп отурсам Сузактын тургуну камыштуу саздан бизнес жасап жатат.

Коңшу өлкөгө свет сатабыз. Кыргызстан июнь айынын ортосунан бери электр энергиясын Өзбекстанга бере баштаганы анык болду. Кышында сызга отуруп калбайбызбы деген суроого адистер жооп берди.

Эгер акчаңызды дагы үнөмдөгүңүз келсе салыкчынын сол чөнтөгүн толтура бербей, турак жайга канча салык төлөө керектигин билип алыңыз. 

Иштеген тиштейт. Бизнес менен алпурушуп жүрүп чарчасаңыз Ысык-Көлдүн бир нече керемет жерине барып эс алып келиңиз.

Эми бизнести коёо туралы да саясатка баш багалы. Алгачкы жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин биринчи отуруму 1938-жылы 18-июлда өткөн. 79 жыл мурун өз ишин баштаган эл өкүлдөрү менен учурдагы депутаттарды салыштырып көрүңүз.

Ал эми эл башкаргысы келген эрендердин үчөө азыркы тапта убактылуу кармоо жайында жатат. Ошондой эле кечээ абактагы жарандар футбол ойношту.

Жамандыктын бетин ары кылсын. Ошто 83 жаштагы карыя өзүнүн байбичесин ачууга алдырып өлтүрүп алган.

Аба ырайы. Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.68(сатып алуу) жана 69.02 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эр эмгегин жер жебейт.

Заманга бап, ишиңизге так жүрүшүңүздү тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0