Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15 Ажолукка аттанардан мурун аялыңарды башкарып алсаңар

Жазылуу
Убакыт зымырап учуп жатат, андыктан эс алганча жакшылап иштеп алалы

Жекшембиде туугандар чогулуп, дасторкон үстүндө баарлашып отурдук. Саясаттан башталган маек айылдагы баласын үйлөгөн аяш атамдын тоюна барып такалып, качан үйлөнөсүң? кызың барбы? баланчанын кызы тың экен го, тааныштыралыбы? деген сурак менен аяктады. Ооба, ошентип маселе кабыргасынан коюлду да калды. Үйлөнүп алыш өтө деле көйгөй эмес. Тапырап той болот, анын эртеси да болот. Анан айрым досторума окшоп арманымды айтып, өкүнүп отурган жакшыбы, же үйлөнбөй досторумдун балдарын көрүп көздүн күйгөнү жакшыбы? Үйлөнүп алып, аялымды башкара албай жүрсөм анан… Кыскасы туугандар баланы катуу ойго салышты.

Айрымдар аялын башкарууну ойлонсо, Азимбек Бекназаров ажолукка аттаныптыр.

Ажо болом дегенине го ак жол деңизчи. Болгону бир ууч элди чогултуп алып, аксылыктардын атынан аттанып жатат деп интернеттен маалымат тараткан туура эмес го, ыя? Деги эле жалпы элдин атынан сүйлөгөндү токтотпойлубу.

Акыркы күндөрү социалдык тармактар саясий акыр-чикирге толуп кетти. Фейсбукка кирсең эле Сооронбай Жээнбековдун ордуна ким келип, ким кетээрин жазгандар. Андан көрө күлкүлүү видеолорду көрүп, пайдалуу постторду жазыңыздар. 

Ушундай эле убактыңыздар ашып жатса, Чолпон-Атанын ат майданындагы көңүлдү шат кылган электро музыка фестивалындагы сүрөттөрдү көрүңүздөр.

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль электронной музыки "Highland" в городе Чолпон-Ата
Фестиваль электронной музыки Highland в городе Чолпон-Ата - Sputnik Кыргызстан
Фестиваль электронной музыки "Highland" в городе Чолпон-Ата

Бул сүрөттөр аздык кылса, апта ирмемине көз салсаңыздар болот. 

Башкысы жол кырсыгынан аман болуп, обу жоктук кылбаңыздар. Болбосо кырсык каш кабактын ортосунда

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.90 (сатып алуу) жана 69.00 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Ажо болом дегендерге ак жол.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов.

Жаңылыктар түрмөгү
0