Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Акысыз паспорт алууң курусун...

Жазылуу
Ошентип аптанын акыркы иш күнүнө дагы жеттик. Бүгүн жакшылап иштеп койсок, буюрса, эки күндүк эс алуу болот.

Жаңы биометрикалык паспорттор акысыз берилип жатыптыр деген кабарды угуп, калкты тейлөө борборуна жөнөй бердим. Ананчы, "бекер болсо лом жут" деген кеп бар эмеспи. Демейде баарын эртеңкиге калтырып отуруп, артта калчумун. Бул жолкусунда "эсиң барда этегиңди жый" болуп, эртерээк эле бүтүрүп алууну чечтим. Акылдуусунуп элден эрте барайын деген ой менен таң атпай турдум да, саат 7 жарым дегенде паспорт берчү жерге жеттим. Барсам, менден акылдуулардан 10 чакты жүрүптүр. Алар жетиде эле келген экен. Эшик турса тешикти издеген болуп, бир жарым саат күтпөдүкпү. Көрсө, иш күнү аларда 9 да араң башталат тура. Шашпай туруп, 9га барсам болмок экен деп ызырынып гана кезекти күтүп турдум. Бирок калкты тейлөө борборуна эл эртелеп чогулгандыктан сегизде эле кыйла адамдар топтолот экен. Ал эми сегиз жарымда алардын саны 100гө жетип, аарынын уюгундай ызылдап баштады. Бир саамда кезек талашып чыр чыгып барып токтоду. Ал ортодо борбордун кызматкерлери кыпчылып өтүп, имаратка кирип жатышты. Ой тобо, бекер алтын таратчудай эле күттүк го! Алыстан алтын таратып жатыптыр деген кабарды уккандай эле, эл чубап келе берди. Аңгыча элди тосуп турган эшикти ачып жибергенде дуу этип, селдей каптап кеттик. Кароосуз калган банкты талоо үчүн киргендей болуп, ар эшикти карай чуркап жөнөдүк. Кары, жаш дебей жулунуп барып, аңырап бош калган чоң залдын ичинде туруп калдык. Аңгыча бирөө тээ жерде "приемная" деген жазуу турат деп көрсөтүп дыр кое берди. Аңгыча артынан дуу жөнөдүк. Алды отургучтарга жетип токтоп, арты аларды бир силкип токтоп калды. "Приемная" деген жазуу эле болбосо, тейлеген эч ким жок. Айран таң болуп эле, ары жак, бери жакты карасак бир бала турат. Андан кызматчыларды сурасак, кебелбей "тогузга төрт мүнөт калды, иш баштала элек", деди. Ачууланган эл "дуу" деп барып токтоду. Аңгыча төрт мүнөт өтүп, туура тогуз дегенде чайпалып жай баскан эжекелер ишин баштады. Баса, биз жулкунуп кирип бара жаткан да ошол эжекелер жай баракат кофе ичип бурчта турган эле. Ошентип ызы-чуу болуп жатып паспорт алууга документтерди тапшырдым да, эртерээк чыгып кетүүгө шаштым. Бир эле собол? Ушунча суроо-талап курч экенин көрүп турган Мамкаттоо кызматчылары ишин 8де эле баштаса болбойбу? Эл үчүн бир сааттык уйкусун курмандыкка чалса эмне болот? Эми болсо кассага кезек күтүүнү жоюу максатында төлөм кабыл алуунун жаңы ыкмасын ойлоп табыштыптыр. Эмне болгон күндө да жумушту сегизде баштоо учур талабы болуп турат. 

Ал жактан капа болуп чыкканым менен, кереметтүү Бишкектин кооз жерлерин көрүп, бат эле өзүмө келдим. Жумушка келсем кесиптештер жаныбарлардын соонун сүрөттөрүн чыгарган экен, ансайын жыргап калдым. 

Буюрса чыдап койсом, эмгек өргүүсүндө тоо аралап ат минип, эс алам деген ой менен макаланы бүтүрөйүн.

Бүгүн өлкө аймагында жаан жаайт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.35 (сатып алуу) жана 69.45 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш күнүңүз ийгиликтүү улансын.

Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов

Жаңылыктар түрмөгү
0