Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Атай неге томсорду, байдын ашын байкуш аядыбы

© Фото / Zahariz KhuzaimahМалаец, снявший фильм о Кыргызстане, оказался кыргызским зятем
Малаец, снявший фильм о Кыргызстане, оказался кыргызским зятем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арбаңыз, тууган. Жакшы жатып, жай турдуңузбу?

Күн бүгүн кайнай турганын алдын ала билип алгандан уламбы, же аптап эртең менентен тарта эле өз өкүмүн жүргүзүп жатабы, айтор, кесиптешим Эрнис эшиктен ысуулап кирди. Кулагыңызга күмүш сырга, сиз да зарыл ишиңиз жок болсо, сызгырылып көчөгө чыкпай эле туруңуз. Бүгүн 39…40 градус ысык болот. Ал тургай тоолуу Нарында күндүн табы + 33кө чыгат экен.

Анткен менен ысык жакшы маанай тартуулоого тоскоол боло алган учурлар бар. Ошол эле Нарында аткарган бийи менен студент Сайкал Жумалиева миңдеген адамдардын ууртунда жылмаюу жаратты. Өзү да жакшынакай кыз экен. Көрсөңүз, төгүлүп чачылып өзүнчө бийлегиңиз келет. 

© Фото / Миша ЕмInstagram-блогер Сайкал Жумалиева
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева  - Sputnik Кыргызстан
Instagram-блогер Сайкал Жумалиева

Бийи менен Сайкал жылдыз болуп жатса, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып жүргөн атактуу бийчи Атай Өмүрзаков бул күндөрү өкмөт менен партияга таарынып жүргөнүн айтты. Ал акча эмес, документ жактан колдоо сурап президентке 1,5 жылдан бери жөнөткөн каттары жоопсуз калып жатканына айраң-таң. Байдын ашын аяп жаткан "байкуштар" ким болду экен… Колдо бар алтындын баркы жок болуп жаткан жокпузбу?

Эл аралык арена демекчи, биздин футболчулар ФИФАдагы рейтингин жаңылап, жаңы сапка чыгыптыр. Болсун!

Чет жакка жылуулук коштогон ирмемдер, ийгилик жараткан сапарлар менен чыксак… Темселеп Сирия менен Иракка эмне барам, "келегой" деп жакшы жашоону ким даярдап туруптур? Аны менен жөн калбай үгүттөп, бирөөлөрдүн убалына калып… Атайын кызматтар акеңди бир таанытса экен… дейсиң да аргасыздан… 

Эгерде ушул окуяны айылдагы жеңелеримдин бири окуп калса, алканын шак чаап "өлөт го, ботом" демек. Бетин да чымчып алмак өзүнчө эле. Кечээ Бишкек шаарындагы "подземкалардын" бирин оңдоп жаткандар ичине заара толтурулган бөтөлкөнү үч машине менен араң ташып чыгыптыр… 

Алыскы айылдардын биринде, чек арага жакын жерде – Баткенде болгон окуя кыргызстандыктардын бир эсе кыжырын келтирсе, бир эсе жакасын карматты… 

Кечээ мекешдештердин кыжырын кайнаткан дагы бир көрүнүш социалдык тармакка желдей тарады. Кадимки эле даарат кагазында калпакчан кыргыздын жакшынакай аксакалынын сүрөтү жүрөт. 

Ал эми төмөнкү бул көрүнүш кыжырды кайнатпай, күлкү жарата баштады окшойт. Өлкөнүн ичи менен сыртында жүргөндөрдү кошкондо алты миллионго эптеп жеткирип жаткан кезде жыгылып-ооп президенттикке катышам деп умтулгандардын саны 17ге жетти. Элден эмнем кем деген сөз эске келет. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.52 (сатып алуу) жана 69.76 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 38.00 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.20 сом, ал эми дизель майы 35.70 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эс алуу күнүңүздөр ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова

Жаңылыктар түрмөгү
0